«АРТКА ЧЕГИНБЕЙЛИ!» ДЕШЕТ ЭЛЕТТИК ЭКИ МУГАЛИМ
- 11.11.2024
- 0
Редакциябызга өлкөбүздүн туш-тушунан жагымдуу кат-кабар үзбөй келип турат. Айылда иштеген агай-эжейлер бизге жолдогон билдирүүлөрүндө Билим берүү жана илим министрлигинин 12 жылдык мектепке өтүү демилгеси өз убагында болгонун белгилешүүдө.
Биз, айылдык мугалимдер, — деп баштайт өз сөзүн, Лейлек районунан Тайир Аширбай, — 12 жылдык билим берүүнү колдойбуз. Бул жаңылык киргизилсе, «Даярдоо класстарынын окуучулары» деген эски түшүнүк дароо жоюлат. Окуучуларды шыр, түз эле биринчи класстан окута баштайбыз. Албетте, жаңы реформанын башталышында бир аз кыйынчылыктар болот. Айрым класстардын окуучуларына секирик жасатууга туура келет. Биз «Көз–коркок, кол–баатыр» деп, алга карай умтула беришибиз керек. Артка чегинбейли!
Лейлектик чыгармачыл мугалим андан ары 12 жылдык боюнча мектепте аткарылып жаткан иштерге да азын-оолак токтолот.
-Биз ата-энелерге «Он эки жылдык билим берүүгө сиздер да даяр туруңуздар» деп айтканбыз. Ата-энелер чогулушунда мамлекеттик билим берүү саясаты кайда баратканын кабарлап турабыз.
12 жылдык окууга өтүү боюнча дагы бир билдирүүнү биз алыскы Аксы районунан алдык.
— Мектептерде даярдыктар кызуу жүрүүдө. Оболу мектеп мугалимдери аталган концепцияны терең окуп-үйрөнүп, ал боюнча ата-энелер арасында да түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Айрыкча балдардын туулган жылы такталып, кайсы жылда канчанчы класска секирик жасашы тууралуу маалыматтар жеткирилип жатат. Даярдоо класстарын окуткан мугалимдердин айлык акыларынын башка башталгыч класстардын мугалимдери сыяктуу төлөнөрү эжейлерди кубантууда, — дейт Аксы районундагы Мамбетов атындагы орто мектебинин директору Узен Атаканов.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер