АРТЕМ НОВИКОВ ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ЭМГЕК ЖАМААТЫНА РУСЛАН КАЗАКБАЕВДИ ТААНЫШТЫРДЫ

  • 15.10.2020
  • 0

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Тышкы иштер министри болуп дайындалган Руслан Казакбаевди Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырды.

АРТЕМ НОВИКОВ ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ЭМГЕК ЖАМААТЫНА РУСЛАН КАЗАКБАЕВДИ ТААНЫШТЫРДЫ

Биринчи вице-премьер-министр жаңы дайындалган министрдин тышкы саясаттагы тажрыйбасына токтолду.

АРТЕМ НОВИКОВ ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ЭМГЕК ЖАМААТЫНА РУСЛАН КАЗАКБАЕВДИ ТААНЫШТЫРДЫ

«Руслан Казакбаевдин дипломатиялык кызматта чоң тажрыйбасы бар. Баарыңар жакшы билесиңер, айрымдарыңар чогуу иштешкенсиңер. Бүгүнкү кырдаал оңой эмес, бирок биз биргеликте өлкөнүн дүйнөлүк аренада позициясын бекемдөөгө жана алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө өз салымыбызды кошо алабыз деп ишенем», — деди Артем Новиков.

АРТЕМ НОВИКОВ ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ЭМГЕК ЖАМААТЫНА РУСЛАН КАЗАКБАЕВДИ ТААНЫШТЫРДЫ

Ошондой эле министрликтин ар бир кызматкеринин өлкөнүн позитивдүү имиджин калыптандыруудагы жана анын кызыкчылыктарын коргоодогу жоопкерчилигине көңүл бурду.

«Биздин алдыбызда турган маанилүү милдет — экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүү. Бул блокту өркүндөтүү керек. Тышкы карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартуу жана реструктуризациялоо боюнча ишти улантуу керек», — деп биринчи вице-премьер-министр сөзүн жыйынтыктап, жаңы дайындалган министрдин ишине ийгилик каалады.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер