АРИСТИН АРЫМДУУ ИШТЕРИНЕ ЭЛ ЫРААЗЫ

  • 24.12.2021
  • 0

24-декабрда Бишкектеги «Достук» мейманканасынын Congress hall  конференц залында АРИСтин «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун жыйынтыктары талкууланды.

АРИСТИН АРЫМДУУ ИШТЕРИНЕ ЭЛ ЫРААЗЫ

Долбоор ишине баа берген бул жыйынга Чүй облусунун Панфилов, Кемин жана Жайыл райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары – акимдери, Кайыңды, Кемин жана Кара-Балта шаардык мэрияларынын, бир катар айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, айылдык кеңештердин депутаттары, суу чарба, шаар курулуш жана архитектура башкармалыктарынын өкүлдөрү, бала бакча, мектептердин директорлору, долбоорго кирген райондук аймактык ооруканалардын өкүлдөрү жана АРИСтин кызматкерлери катышты. Конференцияны АРИСтин аткаруучу директору Б.Т. Супаналиев ачып, долбоор жыйынтыгын караган жыйынга ийгилик каалады. Чынында долбоор алкагында аткарылган иштер арбын экен.

— Биз өз ишибизди жакырчылыкты жоюуга багыттадык. Ал үчүн Чүй облусундагы 88 айылда социалдык обьектилердин эскисин оңдоп-түзөөгө, жаңысын куруу үчүн жергиликтүу элди мобилизацияладык. Биздин окууларыбызга 3045 киши катышты. Жалпы жонунан 11 миллион долларлык жумуш аткарылды. Бул суммада жергиликтүү башкаруу органдарынын, айыл өкмөттөрүнүн салымы зор, — деп айтты  АРИСтин «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун координатору Улан Кафар.

Конференцияда чыгып сүйлөгөн Панфилов, Кемин жана Жайыл райондорунун жетекчилери АРИСке долбоор алкагында аткарылган иштер үчүн терең ыраазылыгын билдиришти. Башкасын айтпаганда да,  билим берүү тармагында эле АРИС бул үч райондо 19 чакан долбоордук сунушту ишке ашырып, натыйжада бир топ бала бакчалар, спортзалдар, башталгыч мектеп курулуп, бир канчасынын жылуулук системасы оңдолуп, терезе, эшиктери алмаштырылган.

А.Алибеков, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер