АРИСТИН АРАКЕТИ МЕНЕН АЙМАКТЫК ООРУКАНАНЫН ЖАНДАНДЫРУУ БӨЛҮМҮ ОҢДОЛДУ

  • 12.10.2021
  • 0

Эгемендүү өлкөбүздө 18 жылдан бери элибиздин жашоосун жакшыртууга иштиктүү жардам берип келаткан АРИС уюму Жайыл районунда бир катар социалдык мекемелердин имараттарын баштан-аяк оңдоо иштерине кол кабыш кылды.

Жайыл райондук бириккен аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмү типтүү эмес, ыңгайлуулугу жок, 1956-жылы курулган, эскилиги жеткен имаратта жайгашкан болчу. Бейтаптар үчүн орундардын жана медициналык жабдыктарды жайгаштырууга тийиштүү аянттардын жетишсиздиги Жайыл районунун, Суусамыр өрөөнүнүн калкына толук көлөмдө медициналык жардам берүүгө мүмкүндүк бербей келген. Бул ооруканага жылына 2000ге жакын бейтап келип түшөт.

АРИСТИН АРАКЕТИ МЕНЕН АЙМАКТЫК ООРУКАНАНЫН ЖАНДАНДЫРУУ БӨЛҮМҮ ОҢДОЛДУ

— Биздин аймактык оорукана бул жагы Суусамырдан бери тейлейт. Төө-Ашууда, тоннелде жол кырсыгы болсо, түз эле бизге алып келишет. Мурда тейлөө сапаты жакшы эмес болчу. Анткени эскилиги жеткен имараттын жандандыруу бөлүмүндө биринчи жардамды көрсөтүү кыйын эле. Азыр шартыбыз жакшы, — дейт Жайыл райондук бириккен аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Болотбек Майканаев.

Курулуш иштерин тендерде утуп чыккан «Универсал Электро» ТД ЖЧК подряддык уюму жүргүздү. Обьекттин жалпы наркы 7 833 023 сомду түздү. Оңдоп-түзөө иштеринин кынтыксыз жүрүшүнө көзөмөл жасаган технадзор адистеринин айтуусунда долбоорго ылайык А корпусунда үч бөлмө жана жандандыруу палатасы курулуп, суу түтүктөрү, канализация тармагы өткөрүлүп, жандандыруу бөлүмүндө желдетүү системасы орнотулду. Мындан сырткары, иштеп жаткан имараттын бейтаптар жаткан бөлмөлөрү менен коридору оңдолду. Баарына заманбап каалгалар,  бөлмөдөгү жылуулукту сактоочу пластик терезелер коюлду.

АРИСТИН АРАКЕТИ МЕНЕН АЙМАКТЫК ООРУКАНАНЫН ЖАНДАНДЫРУУ БӨЛҮМҮ ОҢДОЛДУ

Маалымат үчүн: АРИСтин «Айылдарды өнүктүрүү» долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты — жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктарда аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети — 11 млн. АКШ доллары. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 2017 — 2021жж.

#АРИССынак

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер