«АРХИВ – ИСКУССТВО» КӨРГӨЗМӨСҮ АЧЫЛАТ
- 07.08.2026
- 0
2026-жылдын 7-августунда Ош облустук көркөм сүрөт музейинде «Архив – искусство» аттуу көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы өтөт.

Маалыматка караганда, көргөзмө изилдөөчү Гульзат Алагөздүн бир нече жылдык изилдөө иштеринин жыйынтыгында даярдалып, жеке үй-бүлөлүк архивдерден жана мамлекеттик архивдерден чогултулган баалуу материалдардын негизинде түзүлгөн. Экспозицияда 1930-жылдары сталиндик репрессиялардын жана мажбурлап көчүрүү саясатынын кесепетинен Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздардын жеке иштери, сурак протоколдору, каттары, сүрөттөрү жана башка архивдик документтери сунушталат.
Буга чейин көргөзмө Тажикстандын Душанбе шаарында Art for Social Changes – Central Asia Lab of Cultural Leaders аймактык программасынын алкагында ийгиликтүү көрсөтүлгөн.
Экспозиция архивдик документтерди жөн гана тарыхый булак катары эмес, адам тагдырын, кайгы-муңду, үмүттү жана адамдык кайраттуулукту баяндаган маданий мурас катары сунуштайт. Дээрлик бир кылым бою архивдерде сакталып келген материалдар бүгүн көрүүчүлөрдү тарыхтын унутулган барактарын кайрадан аңдап түшүнүүгө, улуттук эс тутумду жана тарыхый адилеттүүлүктү сактоонун мааниси тууралуу ой жүгүртүүгө чакырат.
Көргөзмөдө архивдик фотоматериалдар менен катар кыргыз сүрөтчүлөрүнүн живопись чыгармалары, декоративдик-колдонмо искусство эмгектери, архивдик материалдардын негизинде жаралган инсталляциялар жана Ош облустук көркөм сүрөт музейинин коллекциясындагы чыгармалар коюлат.
Изилдөөчү: Гульзат Алагөз
Көргөзмөнүн кураторлору: Мырзагүл Кыпчакова, Айназик Токтоболотова
Өткөрүлүүчү күнү: 2026-жылдын 7-августу
Өткөрүлүүчү жери: Ош облустук көркөм сүрөт музейи
Дареги: Ош шаары, Кол Өнөрчүлөр көчөсү, 31.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер