АРЧА-БЕШИКТИК АЙЫМДАРДЫН ДЕМИЛГЕСИ

  • 09.01.2021
  • 0

Кесиби боюнча педагог Айтбүбү Субанбекова азыр ардактуу эс алууда. Ошого карабастан ал жергиликтүү жамааттын коомдук маанидеги иштерине активдүү катышып келет.

АРЧА-БЕШИКТИК АЙЫМДАРДЫН ДЕМИЛГЕСИ

Өткөн жылы карантин учурунда кошуналарына үлгү болуп, короо-жайын акыр-чикирден тазалап, жол  боюна көчөт эгип, гүл тикти. «Акыл оошот, жакшылык жуушат» дегендей, кошуналары да саамалыкты жапырт колго алышты.

АРЧА-БЕШИКТИК АЙЫМДАРДЫН ДЕМИЛГЕСИ

— Карантин тушунда базарлар да иштебеди. Бирок биз кол куушуруп олтуруп калган жокпуз. Бири-бирибизге ашыкча уруктан бериштик, — дейт демилгечи эже.

«Аракет кылсаң, берекет» дегендей, кыйын кезеңде башталган иштин үзүрү зор болду. Көп өтпөй ынтымактуу кошуналар жашаган көчө гүлгө оронду.

АРЧА-БЕШИКТИК АЙЫМДАРДЫН ДЕМИЛГЕСИ

— Бажырайып ачылган гүлдөрдү көрүп, чарчаганыңды билбей калат экенсиң. Гүлдүн ушундай керемет касиети бар экен. Кээде көчөдөн бараткан кишилердин арасынан: «Ай иий, силердин көчө менен баскан кандай сонун! Дайыма  гүлдөргө суктанып өтөм!» дегендер  да болду, — дейт Айтбүбү эже.

Былтыр башталган иштен дем-күч алган жергиликтүү жамаат, ынтымактуу кошуналар жакында жалпы элге кайрылуу кабыл алышты.

«Кыргыздар — байыртан күчтүү, чыдамкай, намыскөй, айкөл элбиз. «Кыргыз кыймылдабайт, кыймылдаса, кылымды кыймылдатат» деп бекеринен айтылбайт. Биз эми революция менен эле дүйнө жүзүнө атактуу боло бербей, биргелешип бир жакшы иш кылбайлыбы! Саясий ушактардан жадап бүттүк окшойт. «Качан экономикабыз өсөт?» деп жогору жакты күтүп олтура бербей, ар бир жаран «Элиме мен эмне кылдым, өлкөмдүн өнүгүшүнө кандай салым коштум?» деп өзүбүзгө өзүбүз суроо берчү убакыт келди. Кимдин колунан эмне келет, аракет кылалы! Эң алгач оюубузду, анан сөзүбүздү оңдойлу! «Буюрса мекенибиз беш жылда өнүккөн,  гүлдөгөн мамлекетке айланат!» деп ниет кылбайлыбы!     Жаманыбызды жашырып, жакшы нерселерибизди, жакшы идеяларыбызды жайылтпайлыбы!  Президенттен, депутаттардан талап кыла бербей, өзүбүз да колубуздан келген жакшы иштерди жасайлы!

АРЧА-БЕШИКТИК АЙЫМДАРДЫН ДЕМИЛГЕСИ

Кыргызстанды гүлдөтөлү: бак тигели, гүл өстүрөлү, бул иш ар бирибиздин колубуздан келет. Айланайын элим, журтум, «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» шаарларыбызды, айылдарыбызды гүлдөтөлү!   Корообуздун сыртына, көчө боюна гүл тигели! Ар ким өз короосун таштандылардан тазалап, эртең менен, кечинде суу сээп, гүлдөрдү өстүрүп койсо, кандай ырахат!

АРЧА-БЕШИКТИК АЙЫМДАРДЫН ДЕМИЛГЕСИ

Гүл  адамга позитивдүү энергия, күч-кубат берет. Жумуштан чарчап-чаалыгып келгенде, көчөңдөгү гүлдөрдү көрүп,  ырахат аласың,  чарчаганыңдын кайда кеткенин билбей, үйгө шайыр-шатман киресиң.  Гүлдүн ушундай касиети бар! Ошондуктан корообуздун сыртына, көчө боюна гүл тигели!  Кыргызстаныбыздын  көчөлөрү  гүлгө оронуп, таптаза турса, кандай керемет! Чет өлкөдөн коноктор келсе да, биздин жаратылышыбызга суктанып кетишмек.  Бүткүл Кыргызстанда жашаган ар бир инсан өзүнүн эле короосунун сыртына гүл тиксин! Ошентип өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө салым кошолу! Гүлдүн уруктарын мүмкүн болушунча бири- бирибизге бекер берели! Кимде кандай гүлдүн уруктары, көчөттөрү болсо, алмашалы!   Кошуналарга бекер тараталы!

АРЧА-БЕШИКТИК АЙЫМДАРДЫН ДЕМИЛГЕСИ

Биз күзүндө бир топ гүлдүн уруктарын жыйнап койдук, эми аларды бекер таратабыз.
Жаз келсе, баарыбыз чогулуп, ушул ишти баштайлы!
ГҮЛ ТИГЕЛИ !!!
БАК ТИГЕЛИ !!!
Ар бир айылда «Мен уюштурам!» деген лидерлер болсо, төмөнкү 0771 52 33 15 жана 0705 92 67 48 телефон номуруна чалыңыздар. Иштин жөнүн түшүндүрүп беребиз» деп айтылат «Гүлдөгөн Кыргызстан» айымдар тобунун кайрылуусунда.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер