АРАВАН РАЙОНУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ НООКАТТА  

  • 28.12.2021
  • 0

Ноокат районунун билим берүү мекемелери Ош облусунун Араван районунун аймагындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен тажрыйба алмашты. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмү билдирди.

Тажрыйба алмашуу Ноокат районундагы К. Бобулов атындагы Баргы жана Ноокат шаарындагы Н. Крупская атындагы орто мектептеринде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан жарыяланган “Инсандын  руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З. Жамалдиновдун тапшырмасына ылайык билим берүү мекемелеринде окуучуларга инсандык-руханий билимин өнүктүрүү, Ата мекенге болгон патриоттук тарбия жана кыргыз элинин улуттук маданиятын билим берүүнүн азыркы усулдары менен интеграциялоонун натыйжалары боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча маалыматтар берилди. Иш-чаранын жүрүшүндө аталган билим берүү мекемелериндеги жетишкендиктер, өнүгүүлөр жана алдыдагы максаттар боюнча пикир алмашуу болуп, атайын слайд шоу, роликтер жана маданий массалык иш-чаралар тартууланды.

Маалымат үчүн айта турган болсок, буга чейин Ноокат районунда Ош облусунун жетекчилеринин катышуусунда “Менин мекеним — Кыргызстан” аталышында облустук семинар болуп өткөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер