АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН САПАТЫ ЖАКШЫРДЫ

  • 27.04.2020
  • 0

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад университетинин Кочкор-Ата колледжинде карантин учурунда Билим берүү жана илим министринин 2020-жылдын 14-мартындагы буйругун ишке ашыруу максатында коронавируска байланыштуу антикризистик план иштелип чыгып, анын негизинде иш жүргүзүлүп жатат.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН САПАТЫ ЖАКШЫРДЫ

Адегенде окуу жайда карантин мезгилинде аралыктан окутууну уюштуруу боюнча комиссия түзүлүп, аралыктан окутуунун жобосу, “Мыкты санариптик сабак”, “Мыкты электрондук тайпа”, “Мыкты электрондук бөлүм” сынактарынын жобосу, аралыктан окутууда видеосабактарды даярдоонун жана өтүүнүн тартиби жөнүндөгү жобо, аралыктан окутууда практикаларды уюштуруу жөнүндөгү жоболор иштелип чыгып, учурда окуу жараяны жогорудагы жоболорго ылайык үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

28-мартта Өкмөт тарабынан бекитилген “Бак дарак отургузуунун улуттук күнүнө” карата окуу жайдын короосуна 20 түп арча, 200 түп роза гүлү жана 200 түп ар түрдүү гүлдөр эгилди. Студенттерге, кызматкерлерге коронавирустун жайылып кетишине жол бербөө максатында социалдык түйүндөр аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө. Коронавирустун жайылуусуна жол бербөө үчүн Кочкор-Ата колледжинин жамааты бир күндүк эмгек акыбызды ыктыярдуу финансылык жардам катары котордук.

Аралыктан окутуунун технологияларын колдонуу боюнча окутуучуларга администрация тарабынан үзгүлтүксүз усулдук сунуштар берилип, окуу бөлүмү тарабынан аралыктан окутуу жараянына көзөмөл жүргүзүлүп жатат.

Аралык текшерүүлөр онлайн негизинде жүргүзүлүп, ZOOM, WhatsApp, Google Classroom, Moodle тиркемелери аркылуу аралыктан окутууда кайтарым байланышты бекемдөө көйгөйлөрү чечилип, аралыктан окутуунун сапаты да жакшырууда.

Окутуучулардын жана студенттердин маанайларын көтөрүү жана психологиялык абалын жакшыртуу максатында администрация тарабынан WhatsApp тиркемеси аркылуу тынымсыз кайрылуулар, суроо-жооптор, куттуктолор, викториналар, олимпиадалар уюштурулууда. Административдик кеңештер да ZOOM тиркемеси аркылуу аралыктан өткөрүлүүдө.

Өткөн жумада электрондук тайпалардын арасында “Биз коронавирусту жеңебиз!!!” аттуу акция өткөрүлдү. Студенттер коронавируска каршы маанайдагы сүрөттөр, видеороликтер, чакырыктар, кайрылуулар менен акцияга жигердүү катышты.

4-9-май күндөрү студенттердин мекенчилдигин, жоопкерчилигин жогорулатуу максатында “Уулу Жеңишке 75 жыл” темасында санарип жумалык өткөрөбүз. Жумалыкта мыкты санариптик дилбаяндардын, сүрөттөрдүн, видеобаяндардын сынагы болот.

Ошондой эле майда “Абитуриент – 2020” айлыгын жарыялайбыз. Май айында электрондук тайпалар абитуриенттерди кабыл алууга карата мектептеги бүтүрүүчү электрондук класстарга видеобаяндарды, видеороликтерди, видеочакырыктарды жарыялайт.

Июнь айында педагогикалык кеңеште окуу жайда таажы ылаңына карата түзүлгөн антикризистик пландын аткарылышы талкуланып, “Мыкты санариптик сабак”, “Мыкты электрондук бөлүм”, “Мыкты электрондук тайпа” сынактары жыйынтыкталат жана администрация тарабынан мыктыларга арналган 20000 сомдук байге фонду жеңүүчүлөргө ыйгарылат.

Эктибар Молдокеримова, Кочкор-Ата колледжинин директору, п.и.к., ЖАМУнун доцент

Бөлүшүү

Комментарийлер