АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ АРАКЕТТЕР…

  • 19.05.2020
  • 0

Адам баласынын жашоосунда күтүүсүз, ойго келбеген ар кандай кырдаалдардын жаралып каларына ынанып, баарыбыз жашообуздун тынчтыгын, элибиздин ден соолугун тилеп турган чагыбыз. Ошентсе да, жашоо багытыбыздын жолун издеп, кандай кыйынчылык болбосун аны менен күрөшүүнүн аракетиндебиз…

АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ АРАКЕТТЕР...

Биздин мугалимдердин милдети – окуучуларды окууга жетиштирүү, алардын учурдагы билим алуусун канааттандыруу. Бирок окуучу да, мугалим да бетме-бет ой түрмөктөрүн чечип, сабакты кеңири талкуулап, суроо-жоопко канааттанып өткөн сабактарды сагындык… Аралыктан байланышып каларыбызды ойлогон эмеспиз… Бирок бул көрүнүштөр убактылуу, буюрса, мектеп кайрадан балдардын шаңдуу күлкүсүнө, топураша ары-бери чуркаган кадамдарына, класс толо окуучулардын жупташа отурган жандуу көрүнүштөрү менен коштолот.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ АРАКЕТТЕР...

21-кылымдын мугалими, окуучусу катары заманбап технологияны өздөштүрүүнүн аракетине аралашып, технологиянын баалуулуктарын түшүнүп, жакынкы убакыттардан бери кадам шилтей баштаган мугалимдерибизди — бул сыноо чыйралтты, өзүнүн үстүндө техникалык каражаттарды колдонуу чеберчилигин жогорулатуу кандай керек экенин сездирди, техниканын тилин түшүнүүгө зарылдык жаратты. Санариптештирүү кадамынын алкагында көп алгылыктуу иш-аракеттер бүгүнкү күндүн мугалимине өзүнүн оң таасирин тийгизди.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ АРАКЕТТЕР...

Шаардык башкармалыктын Медиа борбору тарабынан уюштурулган семинарлардын байма-бай уюштурулушу, мектепте да ал боюнча окуп келген мугалимдерибиздин сабактары, иш тажырыйбаларын жайылтуусу учурда бизге жардамы чоң болгондугу талашсыз. Жыл башынан эле айлыгы менен ноутбук, принтер, компьютер алууга жетише албастыгын түшүнгөн мугалимдер насыя төлөмүнө болсо да, көпчүлүгү өздөрүнө сатып алышкан эле. Азыр баары сатып алышканына өкүнбөй, изденип улам жаңы программаларды өздөштүрүүнүн аракетинде. Аралыктан окутууга даярдана баштаган алгачкы учурларда айрым мугалимдерибиз күлдүрүп: “Мен ноутбукту кармаганда, өзүмдүн балдарым сыртка качып жөнөшөт” — деген болсо, бүгүн алар: «Мага тоскоолдук жаратпагыла, чыккыла» дегенге жетишип, балдарынан жардам сурабай иштеп калган учурларын айтып, жылмайып калышат. Ооба, эрк болсо умтулуу, изденүү болсо муктаждыкты канааттандыра аларыбыз шексиз. Мына ушинтип бүгүнкү күндүн мугалимдери 4-чейректи аралыктан окутуу менен аяктоонун алдында. Бирок кесиптештерибиз белсенип иштеп, балдардын билимин бөксөртпөсөк экен деп, дагы алдыга өсүүнүн жолун издеп келишет. Аралыктан окутуунун кыйынчылыгы окуучу үчүн да, мугалим үчүн да, ата-эне үчүн да болуп жатканы талашсыз. Ошентсе да, ар бири убактылуу кыйынчылыкты жеңүүгө болоруна ишенип, түшүнүү менен мамиле жасашууда.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ АРАКЕТТЕР...

АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ АРАКЕТТЕР...

Бир гана сабакты окутуу менен чектелбестен, Ош шаардык башкармалыгынын буйругунун негизинде класстан тышкаркы онлайн иш-чараларга активдүү катышууга окуучуларды тартып, алардын чыгармачылыгын, талантын, өнөрүн өстүрүп, аларды ар тараптан колдоп, психологиялык-моралдык, анан да материалдык жактан да аз камсыз үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнү колго алышты. Телевизор, азык-түлүк пакеттери менен камсыздоо аракетиндеги жигердүүлүктөрүн белгилеп кетсем болот. Муну менен катар эле ата-энелер менен да онлайн сынактар тест түрүндө өттү. Айта кетсем, ”Балам мыкты болсун десеңиз..” китеби сунушталып, анын негизинде бала тарбиялоого байланышкан суроолордун айланасындагы тест тапшырып, алдыңкы үч орун белгиленди. Буюрса, мектепке кайткан мезгилде жеңүүчүлөр, активдүү катышкан ата-энелерибизди сыйлайбыз деген ойдобуз. Демек мектеп – ата-эне – окуучу байланышы аралыктан окутуу учурунда да өтө маанилүү экендигин эстен чыгарбасак. Аралыктан окутуудагы биздин аракеттер жемиштүү болсо деген үмүттөбүз.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ АРАКЕТТЕР...

Рада Жолдошова, Ош шаарындагы №17 Ю.А.Гагарин атындагы мектеп-гимназиянын мугалими, соцпедагогу

Бөлүшүү

Комментарийлер