АРАЛЫКТАН ОКУТУУ — XXI КЫЛЫМДЫН ЧАКЫРЫГЫ

  • 07.06.2020
  • 0

Баткен мамлекеттик университетинин
Кызыл-Кыя   педагогикалык институтунда «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылына жана Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун 22 жылдыгына карата «Аралыктан окутуу — XXl кылымдын чакырыгы» аттуу илимий-практикалык конференциясы аралыктан өткөрүлдү.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ - XXI КЫЛЫМДЫН ЧАКЫРЫГЫ

Конференцияга Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.А. Топчубаев, БатМУнун ректору, техн.и.д., профессор А.М. Зулпуев, БатМУнун илимий изилдөө институтунун директору, эл аралык НААР аккредитациялык борборунун эксперти, ф.м.м.д., профессор М.М.Тайиров, НМУнун ректору, п.и.д., профессор Т.М Сияев, Билим берүү министрлигинин Коомдук байкоо кеңешинин төрагасы, билим берүү боюнча эксперт К.Б. Сайназаров, Сибирь мамлекеттик телекоммуникация жана информатика университетинин доценти, ф-м.м.к.  Г.Токтошев,  Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О. Гайбуллаев, ошондой эле окуу жайдын окутуучулар курамы, студенттер жана ата-энелер, жалпысынан 97 адам  катышты.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ - XXI КЫЛЫМДЫН ЧАКЫРЫГЫ

Конференцияны Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун директору Ж.М.Исаков ачып, окуу жайдын бул мезгил аралыгындагы жетишкендиктерине токтолду.

Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.А. Топчубаев, БатМУнун ректору, техн.и.д., профессор А.М. Зулпуев, БатМУнун илимий изилдөө институтунун директору, эл аралык НААР аккредитациялык борборунун эксперти, ф.м.м.д., профессор М.М.Тайировдор  КПИнин түптөлүшү жөнүндө бир топ маалыматтарды айтып, профессордук окутуучулук курам менен бирге  өлкөбүздүн келечеги үмүтү болгон студенттерди бул күнкү майрамы менен куттукташты.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ - XXI КЫЛЫМДЫН ЧАКЫРЫГЫ

НМУнун ректору, п.и.д., профессор Т.М Сияев  «Педагогикалык илимий изилдөөнүн методологиялык негиздери «, Билим берүү министрлигинин Коомдук байкоо кеңешинин төрагасы, билим берүү боюнча эксперт К.Б. Сайназаров «Аралыктан окутуунун билим сапатын өнүктүрүү үчүн алынган сабактар», Сибирь мамлекеттик телекоммуникация жана информатика университетинин доцентти, ф-м.м.к.  Г.Токтошев «Об организации учебного процесса в современном ВУЗе» аттуу баяндама жасашып, өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтышты.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ - XXI КЫЛЫМДЫН ЧАКЫРЫГЫ

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О. Гайбуллаевге жана ата энелерге сөз берилип, алар учурдагы кырдаалга карабай билим берүү уланып жаткандыгын, бул иште мугалимдердин эмгеги зор экендигин баса белгилешти.

Конференциянын экинчи бөлүгүндө «КПИнин чөлкөмдүн социалдык-маданий  өнүгүшүндөгү орду жана ролу» деген темада КПИнин аксакалдар кеңешинин төрагасы ф.и.к., профессор К. Пахыров, ОКБББнын бөлүм башчысы т.и.к.,доцент А .Т. Бердиев баяндама жасады. Андай кийин КПИнин бүтүрүүчүсү, Кызыл-Кыя шаарындагы И .Раззаков  атындагы «Сапат» лицейинин тарбиялык иштерди уюштуруучусу А.К.Сүйүнова кезинде билим алган окуу жайын учурдагы ийгиликтери менен куттуктады.

Конференциянын аягында КПИнин студенттерине кезек берилип, педагогика факультетинин  ПББ-2-17 тайпасынын студенти Абдумажит кызы Алтынай «Бат МУ КПИге»  арнаган автордук ырын көркөм окуду. Андан кийин ИК-18 тайпасынын студенти  Мурзабек кызы Чачыкей, ФК-19 тайпасынын студенти Исматилла уулу Эламан, П-4-17 тайпасынын студенти Арпидин кызы Жумакан Мекен жөнүндө обондуу ырларды аткарышты.

Аралыктан уюштурулган конференцияны КПИнин директору Ж.М.Исаков жыйынтыктап, окуу жайда үзүрлүү эмгектенген  мугалимдерге «Алкыш», «Ыраазычылык кат» ыйгарып, жалпы окутуучулар жамаатына жана конференция катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер