АРАЛЫКТАН ОКУТУУ –МУГАЛИМДЕР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ КЫРЫ

  • 22.04.2020
  • 0

Садыкова Айжаркын, Кадамжай райондук мектеп-лицейинин директору        

 

2019-2020-окуу жылынын төртүнчү чейреги дистанттык формада болот деп ким ойлоптур…

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу киргизилген карантин чаралары окуучуларды өз алдынча иштөөгө көнүктүрүп, ал эми мугалимдердин санарип технологияларды дыкат үйрөнүп, дистанттык сабак окутууга өтүү процессин тездетти.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ –МУГАЛИМДЕР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ КЫРЫАРАЛЫКТАН ОКУТУУ –МУГАЛИМДЕР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ КЫРЫ

 

Күтүүсүз кырдаалдан оперативдүү жол таап чыккан министр Исаков Каныбек баш болгон Билим берүү жана илим министрлигинин бирдиктүү командасына терең ыраазылык билдиребиз. Республикабыздагы чыгаан мугалимдерди уюштуруп, телесабактар даярдалып, окуучуларга телевидение аркылуу берилиши менен билим берүү системасын санариптештирүү процесси бир топ алга жылды десек жаңылышпайбыз.  Мугалимдердин кесиптик чеберчилиги жогорулап, республика боюнча алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды кеңири үйрөнүүгө шарт түзүлдү. Облустар, райондор ортосунда мугалимдер аралыктан окутуу боюнча өз ара тажрыйба алмашып жаткан учур.

Мындай шартта Кадамжай райондук мектеп-лицейинин педагогикалык жамааты да четте калбастан, бир топ алгылыктуу иштерди  аткарууга жетишти.

«Мектеп-үй-бүлө-окуучу» үч бурчтугунун байланышы чыңалып, бүгүнкү күндө окуучулар өз алдынча иштөөгө көнүп баштаса, ата-энелер балдарынын жетишкендиктерин көрүп кубанууда, мугалимдер болсо аралыктан окутуу боюнча өзүнчө бир чыгармачылык потенциалын ачып жатышат. Мугалимдердин компьютердик сабаты өркүндөп, слайд-сабак, видео-сабак, видеоролик тартышып, ар бир сабагын өзгөчөлөнтүп өтүүгө аракет кылууда. Мугалимдер Zoom, WhatsApp, Google classroom, Telegram платформаларын кенири колдонуп иштеп жатышат.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ –МУГАЛИМДЕР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ КЫРЫАРАЛЫКТАН ОКУТУУ –МУГАЛИМДЕР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ КЫРЫ

 

Атап кетсек, кыргыз тили жана адабияты мугалими Гулшадат Курбанова, информатика мугалими Роза Мамытова, тарых мугалимдери Буапийда Матраимова, Батма Абжапарова.  Телевидение аркылуу берилген сабактардын кайтарым байланышы да окуучулардын өз алдынча, изденип  иштөөсүнө жакшы өбөлгө болду.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ –МУГАЛИМДЕР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ КЫРЫАРАЛЫКТАН ОКУТУУ –МУГАЛИМДЕР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ КЫРЫ

 

Мугалимдер жана окуучулар үчүн Мега24, «О» тиркемелери сунушталып, интернет байланышы жакшы жолго коюлду. Ар бир класстын ата-энелери менен онлайн-конференция өткөрүп, учурдагы шартка жараша түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ата-энелер жана окуучулар үчүн керек болгон учурда байланышып туруу үчүн түз байланыштагы номерлер берилди.

Апрель-май айларына пландаштырылган окуу-тарбия процессиндеги иш чаралар, класстан тышкаркы иштер онлайн форматта өтүп жатат.

 

Бүтүрүүчү 9-11-класстардын алдында чоң жоопкерчиликтүү иштер тургандыктан ар бир окуучу дыкат көзөмөлгө алынып, ЖМАга, ЖРТга өз алдынча даярдануу боюнча көрсөтмөлө берилип жатат. Лицейдин өзүн өзү башкаруу кеңешинин мүчөлөрү тарабынан окуучуларга жана ата-энелерге кайрылуу катарында «Аралыктан окутуу», «ҮйдӨ болуп, билим алып, пандемияны жеңебиз» деген чакырык менен видео-роликтерди чыгарышты.

Окуучулардын бош убактысын туура пайдалануу максатында, 7-8-класстарга «Менин үй-бүлөм», 9-класстарда «Мен окуган китептерге саякат», 10-класстарга «Улуу Жеңишти жакындаткан аталарга таазим» деген темада сүрөт тартуу, эссе жазуу тапшырмалары берилген. 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата «Китеп окуу жана түшүнүү» боюнча сынак өткөрүү пландаштырылган.  АРАЛЫКТАН ОКУТУУ –МУГАЛИМДЕР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ КЫРЫ

Албетте, бул алгылыктуу иштерде өзүнүн усулдук жардамын берип жаткан Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гайбуллаев Жеңиш баштаган жамааттын эмгегин айтпай кетүүгө болбойт. Күнү-түнү дебей, мугалимдерге усулдук жардам берип жаткан эмгек жамаатынын  иштеринде ийгиликтер көп болсун.

Пандемиянын күч алган жеринде  эмгектенип жаткан кесиптештерге, окуучуларга жана алардын ата-энелерине сабырдуулук, ден соолук, аманчылык каалайбыз. Бул күндөрдүн артында жакшы күндөр бар дегендей, темирдей бекем тартипти сактап, сабырдуу болсок, бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгабыз.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер