АРАЛЫКТАН ОКУТУУ: КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШТЫН КАЙТАРЫМЫ КАНЧАЛЫК?

  • 22.10.2020
  • 0

Дүйнөнү бир кыйла өзгөрүүгө, башкача жашоого үлгүрткөн таажы вирусу дале күчүндө. Адамзат ага бүткүл күчү менен каршы туруп жатса да, ал бардык тармактарга тамырын жайып, кризиске батырып, жаңыча ойлонууга, жаңыча иштөөгө түртүп жатат.

Билим тармагы да ошондой жагдайга туш болуп, алапайын таппай турган мезгилге жыл аяк басып баратат. Канчалык кысталыш учур болсо да билимди үзгүлтүккө учуратпоо аракети абдан катуу жүрдү. Жаңы технологиялардын жардамы менен билимди санариптештирүү, аралыктан окутуу ишке кирди. Балдар мурдагыдай мектепке барбай, үйлөрүндө окуп калышты. Аралыктан окутуунун түрдүү шарттары, усулдары, видео, теле сабактар чыгып, мугалимдер да чукул арада ага ыгайлашууга чоң аркеттерин жасашты. Жарым жылдай баары санариптешип, сотка менен окуп, аргасыздыкты башынан кечиришти. Дүнөлүк пандемия мезгилинде Кыргызстандын мектептери жаңы жагдайларга араң да болсо ыңгайлаша алды. Бул иште Билим берүү жана илим министрлиги тийиштүү адистер жана коомчулук менен биргелешип, билимди өксүтпөөнүн бардык чараларын иштеп чыгып, мугалимдерге, ата-энелерге убагында эксперттик-консультативдик, усулдук, техникалык кеңештерин берип келет.

Эпидемиологиялык кырдаал басаңдай элек. Жаңы технологияларга шыкалган аралыктан окутуу иштеп жатат. Ушунча аракеттердин кайтарымы канчалык болгонуна суроо салып, ойлоно турган мезгил келди. Бул багытта иштеп жаткан адистерге суроо салып, алардын ойлоруна ортоктош болсок.

Аралыктан окутуунун оң жана терс жактары

Бакай-Ата районунун орото мектебинин мугалими Гүлзат Сулайманкулова Окуучуларды аралыктан  окутуунун оң жана терс жактарын төмөндөгүдөй бөлүп карарайт:

Он жагы: пандемия учурунда мугалим менен окуучунун ортосунда кенен баарлашуу болбосо дагы, мугалимдин ватсап аркылуу түшүндүргөн материалдарды окуйт, угат, видеоматериалдарын көрөт. Окуучу мугалимге түшүнбөгөн суроолорун кенен бере албаса дагы өтүлгөн материалдарды, теманы китептен өзү окуп кайталайт.

Мектеп администрациясы райондук усулдук кабинет менен бирге, физика, химия, тарых, биология жана башка предметтер боюнча КББАнын, министрликтин уруксаты менен даярдалган жумушчу дептерлер менен окуучуларды камсыздап, окуучулар дептердеги суроо, маселе, тесттик тапшырмаларды аткарышууда.

Терс жагы: бир үй бүлөдө 3,4,5 бала мектепте окуса, үй бүлө шартына телефон жетишпейт. Ар бир үй бүлөгө интернет байланышы тартылбагандыктан ZOOM программасы менен иштөөгө толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн жок. Жандуу же реалдуу шартта окуган мезгилде дагы билим алууга кызыкпаган окуучулар таптакыр эле мугалим менен байланышкан жок. II чейректе сабак башталса же реалдуу окутуу жүргүзсөк I чейректин материалдарын кошумча түшүндүрүү менен жыйынтыктоо керек (зачет алуу зарыл).

БАЛАНЫН БИЛИМИН БААЛАЙ АЛБАЙ КАЛЫП ЖАТАБЫЗ

Бишкектеги №2 мектептин алдыңкы мугалими Гүлкайыр Алымбекованын пикиринде аралыктан окутуу мектеп үчүн  кайсы бир деңгээлде бир аз оор болуп жатат.

-Буга мектеп даяр эмес мезгилде кирип калды. Окумуштуулар, студенттер үчүн жеңил болду. Анткени алар мурда интернет менен иштеп көнүп калышкан. Ал эми окуучулар, мугалимдер, ата-энелер  башында аябай эле кыйыналышты. Аралыктан окутууда толук жетиштик деп айта албайм. Мисалы,  Кыргыз тилинен   5-6- класстарын алсак, көнүгүү, жат жазуу сыяктуу жазуу иштерин көп өтөбүз. Аларга мектептегидей жеткиликтүү түшүндүрүү кыйын болуп жатат. Ата-энелер аралыктан окутуу балдарыбыздын билимин төмөндөтүүдө деген пикирлерин билдиришүүдө. Мына 1-чейректин аякташы менен чындап балдардын билимин баалаганда 40 пайызга да жетпей калды. Биз үчүн балдардын билими төмөндөп баратканы кейиштүү. Бир жагынан заманбап аудиториянын жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө кирүүгө жол ачып, балдар көп нерсеге үйрөнүп башташты. Мисалы, 10-11-класстарга роман, повесттерди өтүп жатабыз. Алар китепти интернеттен эле таап алып жатышат. Бул бир жагынан бизге да, окуучуларга да жеңил, жакшы. Биз берген тапшырмаларга интернетке кирип, өздөрү жооп таап, издешет. Бүгүнкү күндө бул окуучуларга оңой. Ал эми кээ бир окуучулар үчүн аралыктан окутуу үйдө олтуруп окуганы үчүн жеңил. Себеби, китептен окуп айтып берип жатат. Жат жазуу иштеринде деле ар жактан бир туугандары жардам берип коет. Чындап келгенде биз баланын билимин баалай албай калып жатабыз. Ошондой эле көптөгөн ата-энелер аралыктан окутуу кыйын болуп жатат деп жазып жиберишүүдө. Аралыктан окутуу заманга жараша иш. Биз теле коммуникациялар күндөн-күнгө өсүп,  жаңыланып жатканда алардын артынан ээрчишибиз керек. Бирок буга даяр эмес учурда кирип калыптырбыз. Ошон үчүн окуучулар да, мугалимдер да кыйналып калышты. Негизинен аралыктан окутууга мектептен эле даярдаш керек экен. Эмне үчүн бүгүн мугалимдер кыйналып жатышат? Себеби, ар бир эле мугалимдин колунда компьютер, ноутбук жок. Азыр мугалимдердин көбү телефондору менен олтурушат. Бизди ушул жагынан толук камсыз кылып койгондо жеңил болмокпу деп ойлойм. Мугалимдерди аралыктан окутууда көзөмөлдөп жатасыңарбы деп сурасак, бири дептер текшергенде көз ооруй баштады дешсе, ата-энелер балдары 6 саат бою компьютерде олтурса көзү эмне болот деп тынчызданышууда. Аралыктан окутуу силерге жактыбы деп балдарга суроо салсак,  жүз пайыз “жок” деп жооп беришүүдө. Мектепте жакшы түшүнчүбүз дешүүдө. Ооруу басаңдаса мектепке кайтсак, баягы эле маңдай-тескей суроо салып окутсак деген тилектебиз,- дейт Гүлкайыр Алымбекова.

САЛТТЫК БИЛИМГЕ КАРАГАНДА САПАТ ТӨМӨНДӨДҮ

Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Белеков ал жакта 1-6- класстар азыркы учурда салттуу билимге кайтканын, 7- 11-класстар аралыктан окуп жатканын билдирди. Ал эми мугалимдер аралыктан билим берүүнү, кайтарым байланышты да  үйдөн эмес, мектепке келип уюштурушат. Ошол эле учурда ата-энелер мугалимдердин кадыр баркын жакшы түшүнүшүп, түйшүгүн кошо тартышып жатканына да токтолду.

— Бизде балдар санариптик билимге тез аралашып кетишти десем жаңылбайм. Мугалимдер окуучулар менен кайтарым байланышты өз деңгээлинде түзгөнгө аракет кылышууда. Бирок айрым балдар интернети жай, же жок тоодогу сарайларга кетип калып жатышат. Мындай учурда тегиз билим болбой, мугалимдин көңүлүн чөгөртүп коет. Санариптешүүгө тез өтүп, аралыктан билим берүүнү канчалык өздөштүрсөк да салттык билимге караганда сапат төмөнүрөөк болот экен. Кантсе да, аралыктан билим берүүнү өз деңгээлинде уюштуруу биздин милдет,- дейт Б.Белеков.

БАЛДАРГА ИНТЕРНЕТ ЖЕТИШСИЗ БОЛУП КАЛУУДА

Тогуз-Торо районундагы А.Абдрайымов атындагы орто   мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Сооданбекованын пикиринде аралыктан билим берүүдө  кайтарым байланыш эң чоң ролду ойнойт.

-Мурда 45 минутага ыңгайлашкан сабак 20 минутта токтоп калууда. Жаңы сабак өтүлгөндө ага убакыт жетпейт. Балдардын билимин баалоо, бышыктоо сөзсүз түрдө кайтарым байланышта болот. Эртең менен башталган сабак 12де, түштөн кийинкилердики төрттө  бүтүүдө.   Ошондуктан кайтарым байланыш жасоодо бир нукка түшүп калдык. Айта кетчү жагдай, бизде көп учурда окуучунун телефондогу интернет байланышы болбой калып жатат. Жетишкендигибиз- кырдаалга жараша окуучунун өз алдынча аракеттенүүсү, изденүүсү көбөйдү. Ата-эненин да балага көңүл буруусу артты. Кайтарым байланышта  окуучунун бош убактысында ватсабына жиберип турушат. Мугалим аны үзгүлтүксүз текшерип, окуучунун өзүнө кандай жыйынтыктаганын айтып жөнөтөт.  Окуучу эгер кызыкса мугалимдин ватсабына аткарган ишин тынымсыз кетире алат. Кайтарым байланышка өзүнчө жүгүртмө түзүп койгонбуз. Түштө окугандар эртең менен, эртең менен окугандар түштөн кийин кайтарым байланышта болушат. Ага да окуучулар көнүп калышкан. Кайтарым байланыш болмоюнча өтүлгөн сабак максатына жетпейт. Кайтарым байланыш азыркы аралыктан окутуунун эң негизи болуп эсептелет. Дагы бир айта кетчү жагдай, балдарда көп учурда   байланыш болбой калып жатат. Бардык эле ата-энелердин ар дайым баласына интернет үчүн акча салганга мүмкүнчүлүгү жок экен. Эгерде аралыктан окутуу жыл бою улана берсе, мамлекет окуучуда дайыма бекер интернет болушун камсыз кылса деген ойдобуз,- дейт  Б.Сооданбекова өз пикиринде.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер