«АРАКЕТЧИЛДИН» АРЫМДУУ АРАКЕТИ

  • 27.08.2021
  • 0

Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган кыргызстандык “Аракетчил” долбоору  элет жеринде элдик көркөм чыгармачылык менен алектенген жамааттарды, жеке уз, чеберлерди колдоп келет.

Кыргызстандын эгемендүүлүгунүн 30 жылдыгына карата уюштурулган Бишкек шаарынын так борборунда уюштурулган элдик көркөм чыгармачылык буюмдарынын көргөзмөсүндө “Аракетчил” долбоорунун Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген уздары өздөрүнүн колдо жасалган буюмдарын татыктуу көрсөтө алышты.

— Азыркы учурда бир килемди төрт аял жасайт. Баасы жыйырма миң болгондо, ар бирине беш миңден тиет экен. Бул албетте аз. Биз ушул килемди чет элдиктерге сатсак, баасы кыйла жогору болот. Батышта колдо жасалган буюмдарга өтө маани беришет. Өз буюмдарын жакшы баада сатуу менен элеттиктер өз жашоосун мыктылай алышат, — дейт долбоордун адиси Бектемир Самаганов.

А. Алибеков, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер