«АРАКЕТ» ОЛИМПИАДАСЫНЫН ИЙГИЛИГИ

  • 25.02.2019
  • 0

2018-2019-окуу жылы Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районуна караштуу  Айтпаев Аман атындагы орто мектеби үчүн ийгиликтүү  жана жемиштүү жыл болду.  Республика боюнча жарыяланган математика, англис тили, кыргыз тили боюнча олимпиадага аталган мектептен райондук турга 64 окуучу катышып, алардын ичинен 26 окуучу облустук турга ѳттү.

«АРАКЕТ» ОЛИМПИАДАСЫНЫН ИЙГИЛИГИ

  • Алты окуучу  облустук турдан  жогорку баллды кѳрсѳтүшкѳн. 5-класстан Комунова Нурай англис сабагынан, 9-класстан Капарова Мадина, Канатова Батма, Идрисова Жаркын, 11- класстын окуучулары Ырыскелди кызы Айгерим, Аблабек кызы Айзат, Жээнбеков Жакшылыктар кыргыз тили сабагынан барышкан. Райондук турдан алган кѳрсѳткүчтѳрү: Аблабек кызы Айзат — 55, 4, Ырыскелди кызы Айгерим — 52,5,  Жээнбеков Жакшылык — 50,4,  облустук  турдан: Аблабек кызы Айзат — 47, Ырыскелди кызы Айгерим — 54,   Жээнбеков Жакшылык — 30,  Комунова Нурай — 46 баллга ээ болушту. Олимпиаданын республикадагы  босого баллы -45  ѳлчѳмүндѳ болгон.

Республикалык турга: Аблабек кызы Айзат, Ырыскелди кызы Айгерим,  Комунова Нурай,  Капарова Мадина, Канатова Батма, Идрисова Жаркындар  жолдомо алышты.  Олипиадада берилген тесттен, эссе жазып берүү менен эң жогорку 20 баллды кѳрсѳтүп, 1-орунга Ырыскелди кызы Айгерим ээ болду.  1-орундун сыйлыгы – ноутбук  ACER, 1- даражадагы диплом, медаль менен сыйланды.  Аблабек кызы Айзат, Комунова Нурай,  Капарова Мадина, Канатова Батма, Идрисова Жаркындар сертификатка ээ болуп кайтышты, — мектептин директору Салтанат Шорукова.

Жогорудагы окуучуларды таптап, канатын күүлѳгѳн мугалимдер: кыргыз тили  жана адабияты мугалимдери Маанаева Бактыгүл, Ниязова Вазмира жана англис тили мугалим Шералиева Касиет.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер