КМУ МЕНЕН ОШМУнун КЫЗМАТТАШУУСУ ЖАҢЫЛАНАТ

  • 29.11.2022
  • 0

КМУнун ректору Айгүл Абдраева ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп, эки окуу жайдын алдыдагы кызматташтыктары тууралуу сүйлөшүштү.

КМУ МЕНЕН ОШМУнун КЫЗМАТТАШУУСУ ЖАҢЫЛАНАТ

Ошондой эле, буга чейинки эки тараптуу кызматташуу келишими жаңыланып, кол коюлду. Келишимдин негизинде эки университет билим берүү, илим изилдөө, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен илимий диссертациялык кеңештерге катышуу, илимий конференцияларды уюштуруу жана тажрыйба алмашуу багыттары боюнча кызматташат.

Айгүл Абдраева ОшМУнун “Маркетинг, коммуникация, коомчулук менен байланыш борбору” маалымат бөлүмүндө болуп,  “Үмүт” телестудиясы жана “Нур” гезити, расмий сайтынын ишмердиги менен таанышты.

КМУ МЕНЕН ОШМУнун КЫЗМАТТАШУУСУ ЖАҢЫЛАНАТ

Бөлүшүү

Комментарийлер