Арабаев атындагы университет: Заманбап курулушка капсула салынды

  • 09.10.2025
  • 0

Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуу жайдын 80 жылдык мааракесине карата жаңы, үч кабаттуу, заманбап технопарктын курулушуна капсула салуу аземи өттү.

Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, окуу иштери боюнча проректор Дурус Козуев,профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Жаңы имарат университеттин 1-окуу корпусунун жанында курулат. Бул технопарк билим берүү, илим жана технологияны айкалыштырган инновациялык платформа болуп, студенттерге, окутуучуларга жана изилдөөчүлөргө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Технопарктын ачылышы КМУнун заман талабына ылайык өнүгүүсүнө жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын чыңдоого шарт түзөт.

https://arabaevksu.edu.kg/

Бөлүшүү

Комментарийлер