«АР ТАРАП» ПРОГРАММАСЫНДА АЙТЫЛГАН БИР ТАРАПТУУ СЫНДАРГА КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫНЫН ЖООБУ

  • 13.11.2018
  • 0

«АР ТАРАП» ПРОГРАММАСЫНДА АЙТЫЛГАН БИР ТАРАПТУУ СЫНДАРГА КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫНЫН ЖООБУ

Билимдин негизги булагы − окуу китеби. Андыктан жаш муундар үчүн жазылган окуу китебинин сапаты жогорку деӊгээлде болушу зарыл. Бул өңүттөн алганда «Ар тарап» программасынын «Толгон каталары менен басылган китептерге ким жооп берет?» — деп суроо коюп, күнөөлүүнү аныктоого жасаган аракети туура. Бирок, талкууда бардык күнѳѳ Кыргыз билим берүү академиясына гана коюлуп жатышы ушул жоопту жазылышына түрткү берди.

Талкууга катышкан министрликтин ѳкүлү Марат Үсѳналиевдин «академияда жүздѳн ашык «сотрудник» иштейт, академиктер, профессорлор басууга уруксат деп кол коюп жатышат, демек, окуу китебиндеги каталарга алар жооп бериши керек» дегени жана экс-министр, экс-депутат, профессор Каныбек Осмоналиевдин «академия кызматкерлери эч нерсе жасабай отурушат, «преференцияга» ээ болуп, мен академикмин деп асмандан түшүшпѳйт, бул мекеме академия эмес, мурдагыдай илим изилдөө институту болуп аталышы керек» – дегендери майда-барат ушактын деӊгээлинде болуп калды. Чындыгына токтолсок, мындай:

Кыргыз билим берүү академиясында негизги кызматкерлердин саны 68, алардын ичинен 45и илимий, 23ү башкаруучу адистер ж.б. кызматкерлер. Мектепте 20-25 аталыштагы предмет окулат (интеграцияны эске алганда), ар бир предметти бирден гана кызматкер тейлейт. Айлык акы менен академиядагы түйшүккѳ чыдагандар аздыгынан бир нече штаттык бирдиктер вакансияда болуп, эки предметти бир учурда тейлеп жаткан кызматкерлер да бар. К.Осмоналиев армандаган илгерки илим изилдөө институтунун милдетин академияда «Билим берүүнүн теориясы жана технологиясы борбору» аткарып жатат. Андагы институттун директору профессор И.Бекбоев ушул борбордун директору болуп иштеп жүрүп, пенсияга кеткен. Ордунда үч жылдан бери профессор Е.Е.Син иштейт.

К.Осмоналиев суктангандай, «гилтейген» айлык деле алышпайт. Илимий даражага, компьютердин зыяндуулугуна деген кошумча тѳлѳмдѳрүн эске алганда илимдин кандидаттары 8000 сом, докторлору 9000 сом колуна алат. Мына ушундай айлыкка каниет кылып, ар бир адис-кызматкер өзүнө тийиштүү предметти мазмундук жана методикалык жактан тейлейт.

«Тейлейт» дегенди сынчылар «авторлордун жазгандарын карагандан башка жумушу жок» деп түшүнбѳш үчүн тѳмѳндѳ ар бир кызматкер аткарган жумуштарды бѳлүгүн келтирели:         1) Ар бир кызматкер үч жылдык жана бир жылдык жалпы илимий темалардын үстүндѳ иштейт. Илимий изилдѳѳнүн жыйынтыгы боюнча квартал сайын отчет тапшырат, жылдык отчет министрликтин «илим» бѳлүмүнѳ жѳнѳтүлѳт; 2) Илимий изилдѳѳсүнүн негизинде: тийиштүү предмет боюнча окуу программаларын, окуу китептерин, окуу жана методикалык колдонмолорун даярдоонун жана аларга баа берүүнүн критерийлерин, билим берүүнү уюштуруунун талаптарын иштеп чыгат; 3) окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун критерийлерин жана инструментарийлерин иштеп чыгат. Иштеп чыккан инструментарийлерин мектептерде апробациялайт; 4) предметти окутуунун методикасы, технологиясы боюнча көрсөтмөлөрдү, методикалык колдонмолорду иштеп чыгат, илимий макалаларды жарыялайт (м., өткөн жылы академия кызматкерлери тарабынан 2 монография, 98 илимий макала (анын ичинде 30у чет ѳлкѳдѳн), 21 окуу-методикалык колдонмо иштелип чыккан; 5) министрлик бекиткен Базистик окуу пландагы ѳзүнѳ тийиштүү предмет боюнча предметтик стандартты иштеп чыгат; 6) бекитилген предметтик стандартка негиздеп, тейлеген предмети боюнча окуу программасын иштеп чыгат. Эки тилде даярдап, талкуулардан, экспертизадан, апробациядан ѳткѳрѳт; 7) мектептик билим берүү жана тарбиялоо маселелерине байланыштуу мугалимдерден жана башка тараптардан ѳкмѳткѳ, министрликке жана академияга келип түшкѳн суроолорго жооп даярдайт; 8) окуу-методикалык эмгектерди иштеп чыгууга даярдыгы жана укугу бар кызматкерлер окуу-методикалык комплекстерди даярдоо боюнча жарыяланган конкурстарга катышат. Конкурстан ѳтсѳ, аларды иштеп чыгууга катышат. Биздин кызматкер катышкан кол жазмага эксперттер сырттан дайындалат; 8) мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн даярдалып, академияга келип түшкѳн кол жазмаларды экспертизалайт ж.б.

Бул жумуштар оорбу же жеӊилби, ѳзүӊѳр таразалап кѳргүлѳ.

Академияга келип түшкѳн мектеп үчүн даярдалган кол жазмаларды экспертизалоодо төмөнкү маселелерге көңүл бурулат: кол жазманын статусу такталат (эмгектин аталышы мазмунуна туура келеби же жокпу, кол жазма мугалим үчүн методикалык колдонмобу же окуучу үчүн окуу колдонмосубу, кошумча окуу куралыбы же негизгиби ж.б.); кол жазманын структурасы каралат (аннотациясы, түшүндүрмө каты же кириш сөзү барбы, алар кол жазманын ички мазмунун чагылдырабы, кандай бѳлүмдѳрдѳн турат ж.б.); колдонулуп жаткан ушундай эле басылмалардан айырмачылыгы, жаңылыгы, мазмундук жактан артыкчылыгы барбы, окуу материалдары окуу процессинин натыйжалуулугун арттырууга пайдасы тиеби, программалык окуу материалды камтышы, методикалык аппараты, көлөмү ж.б. боюнча берилген статуска карата коюлган талаптарга жооп береби, жокпу текшерилет. Ал эми окуу китептерин экспертизалоо боюнча академияда ѳзүнчѳ баалоо критерийлери бекитилген (2012-ж). Ал 5 багыт боюнча 25 критерийден турат жана окуу китебин түзүү боюнча жоболорго шайкеш келет. Анда окуу китебинин илимийлүүлүгү, стилдик, грамматикалык жана техникалык мүнөздөгү каталары, сырткы көрүнүшү, даяр макетин көрсөтүү ж.б. баары эске алынган.

Бул критерийлерге таянып, окуу китептеринин сапатын кѳзѳмѳлдѳгѳнү үчүн Билим берүү академиясы «монополист» атка конуп, китеп бизнесине аралашкан адамдар академияны жоюу сунушу менен кайрылышкан. Бир нече жолу Коопсуздук кеӊеши ж.б. уюмдар тарабынан ур-токмокко алынган. Академия кайра түзүүлөргѳ (реорганизацияга) туш болгон.

Бирок, бул кайра түзүүлѳрдѳн же жоюлуудан коркуп, билим берүү академиясы каталарга кѳз жумуп койгон жери жок. Болгону, жогорудагы окуу китептерин баалоонун критерийлерин министрликке да, долбоорлорго да, басмаканаларга да берип (өздөрүнүн суранычы да боюнча), окуу китептеринин сапатын тыкыр көзөмөлдөө жагын алар менен бөлүшкөн. Алар убакыт созулуп кетерин, долбоорлор жабылып, каржылоо токтоп, Кыргызстан окуу китепсиз калышы мүмкүндүгүн айтуу менен, окуу китебинин акыркы финалдык макетин же сигналдык экземплярын көзөмөлдөөнү академияга беришкен эмес. Андан тышкары, кол жазмалардын бир гана тилде жазылганын экспертизадан ѳткѳрүп, калган которомолордун сапатына да академияны аралаштырбоону басмаканалар жана долбоорлор макулдашып алышкан.

Демек, «академия предметтин мазмунун аныктайт» — дегенди предмет боюнча ар бир китептин мазмунуна академиядагы жалгыз илимий кызматкер толук жооптуу деп түшүнүү жаңылыштык экени, окутуунун мазмуну предметтик стандарт жана программада аныкталары, академия жетекчилиги эмне үчүн кол койгону кашкайып эле көрүнүп турбайбы. Эгерде ар бир китептин сүрѳтүнѳ, стилисттик, грамматикалык катасына чейин академия жооп берсе, анда автордон ашыгыраак эмгек акы алган корректорлору, редакторлору ж.б. бар басмакана эмне иш кылат? Тираждоочу майда типографиялардан айырмасы болбой калбайбы. Азыркы учурда кол жазманы компьютерге терип, сүрөттөрүн тартып берген да автор болуп жатат. Ага жаңы түр да берип коюшпай жатат.

Таӊ калыштуусу – кээ бир окуу китептерге академия кызматкерлери жана Окумуштуулар кеңеши «жараксыз, программага, стандартка 90% дал келбейт, статуска жооп бербейт» деп чечим берсе да, аны «оңдодук» деп кайра-кайра (3-4 жыл бою) арыз жазып, министрликтен виза койдуруп, алып келе беришет. Андай китептердин автордук тобунда китеп эмес макала жазып көрбөгѳн, бирок долбоорлор менен мамилеси жакшылар, чет элдик окуу жайларда иштегендер, үй-бүлөсү менен автордук топ болуп алгандар ж.б. бар болуп чыгат. Аларды эмнегедир «Кактус» да «сайбайт», башкалар да көрбөйт. Ал эми академияда азыр же мурда иштеген автордун жазган китеби болсо, баары «уйгакка» айланып жабышат. Же фамилиясын алып салып тынышат, же академияны китеп жазуу ишине аралаштырбоого аракеттенишет.

Бул эмне деген мамиле? Адам укугу кайда? Чыныгы мекенчил ким, бизнесмен ким? Чындык издемиш болгон журналисттер деле акчанын кулуна айланышканбы? – деген суроолор айласыздан жаралат.

Бизде «улуттук ар-намыс», «улуттук баалуулук» деле акчага сатылып калды. Мисалы, ошол эле россиянын же башка жактын атактуу басмаканалары канчалык китеп бизнесин жүргүзүшпөсүн, улуттук, мамлекеттик ар-намысты, баалуулукту жогору коюшат. Мисалы, «Математика» боюнча академик А.Н.Колмогоровдун китеби автордун өлгөнүнө 30 жылдан ашса да, аты өчүрүлбөй 1960-жылдан бери басылып чыгат. Болгону, аны өнүктүрүп, жакшырткандардын гана фамилиясы өзүнчө тизмектелип, улам көбөйүп барат. М.И.Моро карып, 90дон ашып калса да, анын китеби улам жашарып, 50 жылдан бери чыгат. Физика окуу китептеринин негизги авторлору, п.и.к., профессор А.В.Перышкиндин ѳлгѳнүнѳ 35 жыл болду, ага-инилер ‒ И.К Кикоин 35 жыл мурда ѳлгѳн, А.К.Кикоин 19 жыл мурда ѳлгѳн. Бирок, булардын окуу китептерин кийинки россиялык муун улам ѳнүктүрүү менен колдонуудан түшүрбѳй, ал гана эмес, К.Осмоналиев белгилегендей, Германияга да чыгарып беришип, Кыргызстанда да колдонулуусун улантууда. Бизде болсо, эң биринчи окуу китептерин орусчадан которгон, андан кийин эгемендик алганда биринчилерден болуп улуттук китептерди жазып чыккан автор-профессорлорубузду сыйлап, китептерине жаңыча түс берген шакирттер жокко эсе, тескерисинче, алардын фамилиясын алып салуу, ордуна чет элдик китептерди которуп, жайылтуу адатка айланып барат.

Мына бул «Табият таануу» (автору п.и.д., профессор Э.Мамбетакунов ж.б.) жана «География» (п.и.к., доцент К.Жунушалиева ж.б.) окуу китептериндеги айрым каталыктарды маалымат каражаттарында журналисттерибиз кайра-кайра кайталап, сынчылырыбыз чоң катастрофага – «Дача-Суудагыдай» кырсыкка теӊеп жатышпайбы. Чын-чынына келгенде, ал анчалык чоң катастрофа деле эмес эле. «Табият таанууда» Менделеевдин мезгилдик системасы деп 1869-жылы Менделеев өзү түзгөн биринчи таблицаны берип койсо деле болмок. Анткени, ал жерде «бөлүкчө», «зат», «молекула» менен кошо «элемент» деген түшүнүктү бериш максат болгон. Ал эми ар бир элементтин, анын ичинде жаӊы ачылган элементтердин аталышы жана касиеттери кең-кесири 8-класста «Физика», «Химия» предметтеринде өтүлмѳк. Ал эми география болсо жер жөнүндөгү илим. Планеталар жѳнүндѳ 9- жана 11-класстарда «астрономиялык» курста толук окутулмак. Бул жерде автор Жердин планета экендигин, Жерден башка да планеталар бар экендигин маалымдоо максатында гана планеталар жѳнүндѳ жазган. Мындай учурлар катастрофага алып келбеген соң, «Кут билим» газетасы аркылуу мугалимдерге көрсөтмө берип, же түзөтүү киргизип койсо деле болмок. Себеби, мурунку китептер бир аз эскирмейин, кайсынысы кайра басылганы айырмаланбай калышы да мүмкүн. Мындан пайда көргөндөр да чыгат.

Анан, дасыккан, методиканы жакшы билген автор болсо эле аны оюнан чыгарып эссе, оригиналдуу чыгарма жазган журналист же тѳкмѳ акын, же бүт маалыматты камтыган интернет сыяктуу кабыл алуу жаңылыштык. Автор айрым булактардан маалымат алат. Алган маалыматы эски болсо, мазактабастан, жөн гана айтып коюу жетет. Мисалы, 2018-жылдын башында ошол эле профессорубуз К.Осмоналиевдин «Альфред Нобель жана физика: Нобель сыйлыгына ээ болгон физиктер жѳнүндѳ баян» деген аталыштагы 2 томдон турган котормо китеби академиянын тийиштүү борборуна келип түшкөн. Биринчи эле титулдук барагын карасак, өзүнүн фамилиясын К.Осмоналиев автор катары бакыйтып коюп алган. Адатта которулуп даярдалган китептерге түзүүчү же которгон деп фамилия жазылат эмеспи. Нобель сыйлыгын алган физиктердин тизмеси 2000-жылкы нобелиаттар менен токтойт. 2017-жылы эле Нобель сыйлыгын алган эки физик айтылбай калса да акыркы маалыматты окуй элек тура демекпиз, акыркы 17 жылдагы нобелиат физиктер жөнүндө маалымат жоктугун эмне дейбиз. Котормолор сапатсыз, стилдик, орфографиялык каталары кѳп, алардын баарын жазып отурсак, бул макаланын көлөмүнөн да ашат (диктантка ѳзү да даярданса болчудай). Котормодо Диоген менен Македонскийдин диалогу сѳзмѳ-сѳз которулгандыктан, Диоген эмне үчүн ѳзүн «итмин» дегени, Македонский эмне үчүн «Мен Македонский болбогондо, Диоген болмокмун» дегени түшүнүксүз болуп калган. Ошондой эле К.Осмоналиевдин «Бул диалог азыркы замандагы бийликке жагынып, шыйпаңдаган кээ бир «окумуштуу сѳрѳйлѳр» үчүн эң чоң сабак!» дегени кайсы окумуштууга багытталганы да белгисиз жана окуучуга кызыксыз (ѳзү деле окумуштуу го).

Биз профессор, экс-министр К.Осмоналиевдин эки томдук материалды которуп даярдаган мээнетин сыйлап, мындагы маалыматтар физиканы окутууда пайдалуулугуна, убадаларына ишеним менен карап, каталарын «ажиотаж» кылбастан, пикир катары кагазга жазып, «Кызмат кѳрсѳтүүнүн ѳкмѳттүк бирдиктүү реестри» боюнча рецензия акысын да тѳлѳтпѳй, мүчүлүштүктөрүн эске алуу менен, китебин кошумча окуу үчүн бекитип берген элек. Ал да башкалардын мүчүлүштүктѳрүнѳ да түшүнүү менен караса болмок деген ойду айтмакчыбыз.

Ошондой эле журналисттер, жарандык активисттер да такталбаган маалыматтарды, ушактарды массага алып чыгуудан уялышса жакшы болмок. Мисалы, ушул эле талкууда журналисттин айткан 9-класстын математика китебинин мукабасындагы ката формулалар жасалма (фальсификация) экени бир нече жыл мурда эле такталып, аталган китептин эскисинде да, жаӊысында да эч кандай формула жоктугу далилденген.

Ал эми Г.Адилованын «Родиноведение» («Мекен таануу») окуу китебиндеги карта боюнча окуучуга берилген суроону активист Гүлмира Үмүталиева кантип түшүнбѳдү экен. Ал жерде областтардын административдик борборлору гана кѳрсѳтүлүп турбайбы. Чүй областынын борбору болуп Бишкек эсептелерин, Токмок ‒ Чүй районунун борбору экенин, пахтанын гүлү башкача болорун билбесе, мугалимден сураса болмок.

11-класс үчүн адабият сабагында кошумча окуу үчүн берилген «Манастаануу» окуу куралынын академиянын лабораторияларында да, Окумуштуулар кеӊешинде да каралбагандыгы, ал манастаануучулардын бири-бирине кѳрсѳткѳн «ысык» мамилелеринин натыйжасында гана басылып чыгып кеткендиги далилденип, бул колдонмо расмий түрдѳ колдонуудан чыгарылгандыгын мектептерден сураса билет.

«Наша родина Россия» деген сүйлѳмдѳрү бар «Азбука» китебин жана «стандарттан сырткары ар бир мугалим кошумча пайдаланышы үчүн министрлик 120дан ашуун китепти бекитип берген» деп М.Үсѳналиев айткан китептер академияда бекитилген эмес. Академия стандартка туура келбеген, адаптацияланбаган бир да китепти бекиткен эмес жана бекитпейт. Мектептен келген Н.Жангазиева туура айтты, мугалим билим берүүдѳ каалаган булакты колдонот: интернетти, түрдүү китептерди, газета, журналдарды, турмуштук мисалдарды ж.б. баарын ѳзүнүн чыгармачылыгына жараша колдонот. Бирок, стандарттын чегинде гана. Стандарттын чегинде деген сѳздү стандартта белгиленген билимдерди толук берүү, мисалы, жогорку класстардын же жождун деӊгээлине ѳтүп кетпѳѳ, же тѳмѳнкү класстардын, бала бакчанын билиминин чегинде калып калбоо деп түшүнүү керек.

Дарвиндин эволюциялык илимий теориясын болсо ага каршы чыккандардын «теориясы» илимде далилденгенче, б.а. топурактан же кабыргадан адам жасалганча эч ким жокко чыгара албайт.

Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе – талкуунун жүрүшүндө эки түрдүү ойдун башы чечилбей, ар тарапта калып кетти: ата-энелер, мектеп мугалимдери жана суроо бергендер тараптан айтылган биринчи ой – «Кыргызстандын өз окуу китеби болушу керек, суверенитетти алганыбызга 25 жылдан ашса да, башка мамлекеттин идеологиясына сугарылган окуу китептерди Кыргызстанда колдонуу уят» деген пикир. Муну биз эң туура деп эсептейбиз. Ал эми экинчи ой – Каныбек Осмоналиевдин «Окуу китептерин башка мамлекеттер менен бирге жазсак болот да, мисалы Ньютондун закону бардык мамлекетте бирдей, ал өзгөрүп кетмек беле» — дегени. К.Осмоналиев Ньютондун законун, дегеле, физиканы бир гана автордун китебинен окуп, профессор болбосо керек эле. Ошондуктан, бул ‒ К.Осмоналиев өзү атагандай, башка мамлекеттен келген «китеп бизнесмендеринин» көксөгөн тилеги, заказы менен айтылган ой сыяктанат. Алардын бири болгон Россиянын «Дрофа» басмаканаларынын өкүлдөрү «Биздин китептерди адаптациялап, бекитип бергиле, которгула, анан биз чыгарып берели, кызматташалы», — деген сунуш менен тийиштүү мекемелерди да аралап жүргөнү жашыруун сыр эмес (биздин академияга да келишкен). Кыргыз китептеринен кынтык издегендердин же аларды каржылагандардын арасында андай «бизнесмендер» да болушу толук мүмкүн.

Мындай бизнесмендердин жемине айланбай, улуттук ар-намысыбызды сактап, бири-бирибизге колдоо кѳрсѳтүп, улуттук китептерди колдон келсе жазып, жаратууга, алардын сапатына ак дилден аракет кылсак деген ойдобуз. Окуу китептерди жазуу боюнча жобого ылайык уюшулган конкурска катышкан жана андан ѳткѳн авторлордун саны да анча кѳп эмес. Ошондуктан, авторлорду да туш келди жемелеп, «кылмышкер» сыяктуу мамиле кылбай, тескерисинче, аларга колдоо кѳрсѳтүү, жардам берүү, улуттук авторлордун кѳбѳйүшүнѳ шарт түзүү, аларга калыс баа берүү туура багыт деп эсептейбиз.

Ошондой эле, мектеп билим берүүсүнүн мазмунун аныктоо, методикалык жактан камсыздоо, окуу-методикалык адабияттарды түзүүнүн жоболорун, экспертизалоонун критерийлерин иштеп чыгуу, апробациялоо ж.б. боюнча опол тоодой жүктү кѳтѳрүп келе жаткан бирден бир мекеме – Кыргыз билим берүү академиясы болгону үчүн, ага түз жана адилет кѳз карашты кармансак.

 

 

Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери:

П.и.д., проф. Син Е.Е., п.и.к. Рыспаева Б.С., ага илимий кызматкер Сѳлпүбашева А.Ы., п.и.к.  Мурзаибраимова Б.Б., п.и.к, доцент Абдухамидова Б.А., п.и.к Мурзалиева З.К.

Бөлүшүү

Комментарийлер