АР БИР УНИВЕРСИТЕТТИН ДЕҢГЭЭЛИН СЫНАЙ ТУРГАН МЕЗГИЛ КЕЛДИ

  • 01.04.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жогорку окуу жайлардын ректорлору менен онлайн конференция өткөрдү.

Министр ЖОЖдордо жүргүзүлүп жаткан дистанттык окутуу маселесине токтолду. Исаков мындай кризистик кырдаалда билим алуучуларга карата ийкемдүү мамиле жасоо менен бирге ректорлорду дистанттык окутуунун шарттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Министр бардык деңгээлдеги окутууну камсыздоо үчүн антикризистик план иштелип чыкканын, мындан ары анын негизинде иш алып барылаарын белгиледи.

Дистанттык окутууну жакшыртуу үчүн окутуучуларга усулдук же дагы башка кандай гана жардам керек болсо, берилиши керек. Студенттердин онлайн окутууга катышуусу көзөмөлдөнүп, окутуучулардын ишине мониторинг жүргүзүү зарыл. Бул процессти координациялоо ар бир окуу жайдын ректоруна милдеттендирилет”, — деди министр.

Исаков ошондой эле алдыда келе жаткан жайкы сессия, бүтүрүүчү курстардын мамлекеттик экзамендерин компьютердик тестирлөө менен өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу жана ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу маселелери боюнча жумуштар ыкчам аткарылышы керектигин белгиледи.

Министрдин орун басары Нурлан Омуров контракт маселеси боюнча ар бир ЖОЖ өзү чечим кабыл алышы зарыл дейт. Ал 8-апрелден тарта жума сайын ар бир окуу жайы дистанттык окутуунун жүрүшү боюнча маалымат берип турушу керектигин кошумчалады.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер