АР БИР ОКУУЧУСУНА МЭЭРИМ ТӨККӨН ЭЖЕЙ

  • 09.05.2021
  • 0

Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектептин башталгыч класстар мугалими Урустемова Якут көп жылдан бери жаш муундарга билим, тарбия берип, алардын мыкты инсан болуп өсүшүнө өз салымын кошуп келүүдө.

АР БИР ОКУУЧУСУНА МЭЭРИМ ТӨККӨН ЭЖЕЙ

Эмгекчил мугалим 40 жылдык эмгек жолунда нечендеген окуучулардын сезимине алгачкы билим шамын жагып, алардын биринчи мугалими катары урмат-сыйына ээ болууда. Жакында эле өз окуучулары менен биргеликте «Алиппе-билим ачкычы» деген аталышта мыкты иш чара өткөрүп, ал ата-энелер, мугалимдер тарабынан жогору бааланды. «Эне баардык балдарын бирдей сүйгөндөй эле, мугалим да ар бир классын, керек болсо ар бир окуучусун жакшы көрөт»,- дейт Якут эжей.

АР БИР ОКУУЧУСУНА МЭЭРИМ ТӨККӨН ЭЖЕЙ

Аталган мугалим менен катар эле мектепте Алимбекова Насиба, Боронбаева Нурзат, Абдужалилова Гузал жана Курманова Айданалар да өздөрүнүн 1-класстары менен мыкты иш чараларды өз деңгээлинде өткөрүштү. Жылда өтүлүүчү бул мыкты саамалык быйыл да ата-энелерди, мугалимдерди кайдыгер калтырган жок.

Узен Атаканов, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер