Ар бир чет өлкөлүк студент – инвестор

  • 20.05.2024
  • 0

Ар бир чет өлкөлүк студентти инвестор катары карашыбыз керек. Ал мамлекетке окууга төккөн акчасынан сырткары, жашаганы үчүн, ар кандай кызматтарды колдонгонуна ылайык каражат калтырат. Мындай пикирин И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

img_2850 (1)

Ректордун айтымында, Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайынан билим алам деп келген студенттерге ачык болушубуз керек.

«Биздин университетке окуйм деп Пакистан, Индия жана башка мамлекеттерден келген чет элдик жарандар көбөйдү. Биз аларга бөгөт койбой, тескерисинче, сүйүнүшүбүз зарыл. Себеби дегенде бул Кыргызстандагы медициналык билим берүүнүн деңгээли алда канча жогору экендигинен кабар берет. Мисалы, биздин университеттин бюджетин 20% гана мамлекеттик түзсө, калган 80% чет элдик студенттерден түшкөн каражат толуктайт. Университеттеги студенттер үчүн түзүлгөн бардык шарттар, билим сапаты ошол чет элдик студенттердин каражатына алынат, — деди Индира Кудайбергенова.

Ал эми К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев ар бир өлкөнүн өнүккөндүгүнүн чен өлчөмүнүн бири – адам өмүрүнүн узактыгы жана билим берүүнүн деңгээли экенине токтолуп, Кыргызстан өзүнчө обочолонуп жашай албайт, ааламдашуу  мезгилинде дайыма карым-катнаш болуп турушу керек деди.

«Саналуу гана адамдардын туура эмес кылган кадамдарынын айынан жалпы чет элдик студенттер жабыр тартпашы керек. Мындай жагымсыз окуялар, тилекке каршы, Кыргызстандын меймандостугуна, имиджине таасир этип калаарын эстен чыгарбашыбыз зарыл”, — деп өлкөдө тынчтык болгондо гана мамлекет өнүгөөрүн белгиледи.

Учурда Кыргызстанда 28 миң 800 чет элдик студент билим алууда. Анын басымдуу бөлүгүн Индия жана Пакистандан келген студенттер түзөт. 2022-жылы медициналык билим берген окуу жайларда чет элдик студенттер 3 миң доллардан, ал эми жергиликтүү студенттер 60 миңден кем эмес каражат төлөйт.

Эльвира Какиева

 

Бөлүшүү

Комментарийлер