АР БИР БАЛА – КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ
- 02.06.2023
- 0
Өзгөн районуна караштуу М.Разаков атындагы мектеп-интернатынын ата-эне камкордугунан ажыраган балдарды коомго аралаштыруу боюнча иш тажрыйбасы жөнүндө сөз кылалы.
Алгач Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Марат Разаков атындагы жатак-мектеби жаңыдан курулуп, 1988-жылы ишке киргизилген. Мамлекеттин социалдык саясатынын негизинде мектеп-интернат 1997-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №150 токтомунун негизинде «жетим жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын мектеп-интернаты» катары 200 орунга ылайыкталган эле. Жатак мектепте Ош облусунун булуң-бурчунан келген ушундай балдар тарбияланат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 15-октябрындагы №1281/1 буйругу менен жалпы билим берүү боюнча акыркы жолу аккредитациядан өткөн.
Азыркы мезгилде жатак-мектепте өз ишин жакшы билген, тажрыйбалуу 37 мугалим-тарбиячы, 35 техникалык жана тейлөөчү кызматкерлер эмгектенип, 181 баланы окутуп-тарбиялоодо. Балдардын ичинен 87си кыздар, 94үн балдар түзөт. Алардын ичинен тоголок жетимдер — 10, жарым жетимдер — 114, ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдар — 57.
Интернатта жогорку билимдүү 32, атайын орто билимдүү 3, сырттан окуган 2 мугалим иштейт. Эл агартуусунун мыктылары бешөө. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасын эки педагог алган.
Жатак-мектепте окуучуларга татыктуу билим-тарбия берүүгө тиешелүү шарттар түзүлгөн: мектептин имараты комплекске бириккен бир окуу корпустан, 2 жатаканадан, 90 орунга эсептелген ашканадан, 200 орунга эсептелген жыйын залынан, 1 спорт залдан, 1 медпункт, 8 орунга эсептелген 2 изолятордон, 1 мончодон жана 1 кир жуучу жайдан турат. 15 класстык кабинет, 2 компьютердик класс бар.
Мектепте китепкана, окуу залы, жыйындар залы, эс алуучу бөлмө, сүрөт өнөрканасы, бий үйрөтүүчү, тигүүчүлөр үчүн атайын бөлмө жана чачтарачкана уюштурулган. Жалпы окуу китептердин саны 5670. Окуучулардын окуу китептер менен камсыз болушу 98,3 %ды түзөт. Түрдүү багыттагы 9 ийрим иштейт, аларга 114 бала камтылган. Ар бир предмет боюнча өзүнчө кабинет түзүлүп, замандын талабына ылайык жабдылган.
Ар бир класстык бөлмөдө окуучулар үчүн телевизорлор орнотулуп, интернет байланышына кошулган. Окуучулардын күчү менен музей уюштурулуп, жыл сайын жаны экспонаттар менен толукталып турат. Балдардын укуктук билимин жогорулатуу, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында укук кабинети уюштурулган. Азыркы мезгилде жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын эсебинде турган бир дагы окуучу жок. Окуучуларды окутуп-тарбиялоодо бардык предметтер боюнча мугалимдер жетиштүү.
Мектеп-интернатынын окуучуларына төрт маал тамак берилет. Окуучулардын жана тарбиячылардын күчү менен түрдүү конкурстар, кечелер, экскурсиялар, спорттук мелдештер жана тарбиялык иштер дайыма уюштурулуп турат. Балдардын эс алуусуна талаптагыдай шарт түзүлгөн.
Бүгүнкү күнү мугалим-тарбиячылар өздөрүнүн кесиптик дараметин жана окуучулардын билим сапатын жогорулатууда зор аракеттерди жүргүзүп келүүдө.
Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен мектептин линейка аянтына 360 кв. м. таман таш жана 402 кв. м. жерге асфальт төшөлүп, мектептин айланасына прожекторлор орнотулган – окуучулар кечкисин да коркпой жүрө алышат..
Мектептин жатаканасы 2 корпустан турат. Уул балдар үчүн 2-кабатта, ал эми кыздарга 3-кабатта талаптагыдай шарт түзүлгөн. Үй шартына ылайыкташтырылган эмеректер, эки кабат диван-керебеттер, кийим шкафтар коюлуп, сапаттуу жол килем төшөлгөн. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен мектеп интернатынын материалдык базасы чыңдалып, окуучулардын формасы, жылуу кийими, төшөк комплектери толук камсыздалып келет. Акыркы жылдары мектептин жылытуу системасы жана ашканасы жакшы оңдоп-түзөтүлдү.
Бүтүрүүчүлөрдүн окуусун улантуу жана жумушка орношуусу үчүн да кам көрүлүүдө. Бул багытта мектеп интернатынын жамааты Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, «Ас-Сафа» коомдук фонду, Ош мамлекеттик университети менен тыгыз кызматташып турушат. Учурда КР “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” мыйзамынын негизинде “Ымандаш” коомдук бирикме аркылуу Экономика жана социалдык коргоо министрлигинин “Интернат мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн социалдаштыруу” деген долбоору боюнча ыкчам иш жүргүзүлүүдө.
Мектеп окуучулары олимпиадаларда жана республикалык тестирлөөдө ийгиликтерге ээ болуп келүүдө. 2019-2020-окуу жылында Ражап кызы Айжаркын кыргыз тили сабагынан облустук жана республикалык олимпиадаларда II орунду ээлеп, Билим берүү жана илим министрлигинин II даражадагы диплому менен сыйланды. 2020-2021-окуу жылында
Таирова Нурзаада кыргыз тили сабагынан облустук жана республикалык олимпиадаларда I орунду ээлеп, Билим берүү жана илим министрлигинин I даражадагы дипломунун ээси болду. 2021-2022-окуу жылында Абдраимов Байболсун биология сабагынан облустук олимпиадада IV орунду ээледи.
Акыркы үч жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөдөн жакшы упай топтогон бүтүрүүчүлөр окуу жайларга өтүп, ийгиликтүү билим алышууда. Азыр Абдыкадырова Мээримгуль Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университетинин колледжинде, Алмазбекова Бегимай Ош мамлекеттик университеттин физика-техника факультетинде, Капарова Кадича филология факультетинде, Самидинова Бегимай математика жана информатикалык технологиялар факультетинде, Төрөкожоев Эрмек дене тарбия факультетинде, Акунова Асель педагогикалык колледжде, Каримов Темирлан Улуттук аскердик лицейде, Кудайбердиева Апал Ош шаарынын №12 кесиптик лицейинде окуп, билим алышууда.
Жатак-мектептин айлана-чөйрөсүн жашылдандыруу, көрктөңдүрүү, балдарды эмгекке тарбиялоо максатында аракети да жакшы жолго коюлган. 2020-жылдан ушул күнгө чейин демөөрчүлөрдүн жардамында 176 түп арча, 126 түп алма, 14 түп кокон гилас, 1000 түп декоративдик дарактар, кашаа үчүн 76 түп түрдүү көчөттөр эгилди. Мектептин аймагында географиялык аянтча курулуп, атайын приборлор алып келинип, сабактарда колдонулууда.
Окуучу балдардын ден соолугун бекемдөө, сергек жашоо образын калыптандыруу максатында жайкы эс алууну натыйжалуу уюштуруу иши дагы жакшы жолго коюлган. Алар жыл сайын июнь айынан август айына чейин «Салам Алик» өспүрүмдөрдүн эс алуу лагерине барышат. Учурда лагердеги балдар үчүн үч корпустан турган жатакана, ашкана, бассейн ремонттон өткөрүлүп, кыздар жана балдар үчүн өзүнчө ажаткана, эки душ курулду.
Директор Токталы Айтыкурманов 1996-жылдан бери башкы тарбиячы, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп, акыркы жылдары мектепти жетектеп, педагогикалык жамаат менен биргеликте балдардын келечеги үчүн албан ийгиликтерди жаратып келүүдө.
Токталы агайга жана ал жетектеген мектептин жамаатына жаш муунду тарбиялоодо дагы да чоң ийгиликтерди чын жүрөктөн каалайбыз.
Н.Исманова
Комментарийлер