АПАС ДЖУМАГУЛОВ 90 ЖАШТА

  • 06.09.2024
  • 0

Бүгүн, 6-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде коомдук жана саясий ишмер, илимпоз Апас Джумагуловдун 90 жылдык мааракесине арналган “Кыргызстандын эгемен жолундагы Апас Джумагуловдун ролу: тажрыйбалар жана чакырыктар” аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү.

 

АПАС ДЖУМАГУЛОВ 90 ЖАШТА

Саамалыкка Апас Джумагулов, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, соода өнөр-жай палатасынын президенти Темир Сариев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайдын окутуулары  жана студенттер катышты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Апас Джумагуловду мааракеси менен куттуктап, анын илим-билимди модернизациялоодо, кадрларды даярдоодо жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө кошкон  салымын белгиледи.

АПАС ДЖУМАГУЛОВ 90 ЖАШТА

Конференцияда Кыргызстандын түптөлүү мезгилиндеги саясий, социалдык, экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө көрүлгөн тарыхый процесстер талкууланды. Өлкөнүн эгемендике ээ болгондон баштап өнүгүү этаптары, негизги саясий окуялар, чакырыктар жана жетишкендиктери да айтылды.

АПАС ДЖУМАГУЛОВ 90 ЖАШТА

Ошондой эле коомдук ишмерге “Ош облусунун ардактуу атуулу” жана “ОшМУнун ардактуу профессору” наамдары ыйгарылды.

АПАС ДЖУМАГУЛОВ 90 ЖАШТА

Апас Жумагуловдун 90 жылдык маарекеси жер-жерлерде өткөрүлүп жатат.

Апас Джумагулов  90 жашта. Ал Совет учурунда бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген. 1993-1998-жылдары премьер-министр болуп турган. Бир катар мамлекеттерде элчи кызматтарын да аркалаган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер