«АПАМ ӨМҮРҮН БИЛИМ БЕРҮҮГӨ АРНАДЫ»

  • 02.04.2021
  • 0

Ош облусунун Өзгөн районундагы К.Раимбеков атындагы мектеп-гимназиянын физика мугалими Бубаева Тынар 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Тилекке каршы, Бубаева Тынар өткөн жылдын октябрь айында мезгилсиз дүйнө салган. Ушундан улам Ардак грамотаны уулу Союзбек  Мусурманкуловго билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев бүгүн министрликте тапшырды.   "АПАМ ӨМҮРҮН БИЛИМ БЕРҮҮГӨ АРНАДЫ"

“Кесиптешибиз Бубаева Тынарга пандемияга байланыштуу сыйлык убагында берилбей калган. Жакшы саамалык баары бир жерде калбашы керек. Көзү тирүүсүндө сыйланбай калса дагы, эскерилип жатканы жакшы көрүнүш. Билим берүү тармагына салым кошкон кесиптешибизди дайыма сыйлап, урматтайбыз”, — деди министр Бейшеналиев өз сөзүндө.

Бубаева Тынардын уулу Союзбек  Мусурманкулов апасы тууралуу буларга токтолду:

“Апам мүнөзү жумшак, боорукер аял эле. Болгон билимин окуучуларына берип, өмүрүн билим берүүгө арнады. Сыйлыгын мен эмес, апам өзү алса жакшы болмок. Ажалга айла жок экен. Апам бул күндү күтүп жүрүп көзү өтүп кетти”.   

"АПАМ ӨМҮРҮН БИЛИМ БЕРҮҮГӨ АРНАДЫ"

Бубаева Тынар Искановнанын өмүр таржымалы

Бубаева Тынар Искановна 1956-жылы 14-июлда Ош облусунун Өзгөн районунда төрөлгөн.

1977-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика адистигин бүтүргөн.

"АПАМ ӨМҮРҮН БИЛИМ БЕРҮҮГӨ АРНАДЫ"

Эмгек жолун ошол эле жылы Өзгөн районундагы В. И. Ленин атындагы №20 орто мектепте физика мугалими болуп иштөө менен баштаган. 1977-жылдан 2009-жылга чейин аталган мектепте физика мугалими, 2009-жылдын сентябрынан 2020-жылдын октябрына чейин Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы К. Раимбеков атындагы мектеп-гимназияда физика мугалими болуп эмгектенген.

Кесиптештеринин айтымында, ал кайда иштебесин өзүнүн кесибин мыкты билген, сүйүп ардактаган жана чыгармачыл, уюштуруучу, принципиалдуу педагог катары көрсөтө алган. Сабактарда стандарттык эмес формаларды, инновациялык ыкмаларды колдонуп, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыра алган.

Өз кесибин терең өздөштүрүп, сабагына жетишпеген окуучулар менен жекече иш алып барып, окуучуларды өзүнө тарта билген. Таланттуу окуучуларга кошумча тапшырма берип, алардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып, окуучулар менен кызматташтыкта иш жүргүзгөн. Сабак учурунда окуучулары кандай суроо берсе да, дароо жеткиликтүү жооп бере алчу.

Андан билим алган бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку көрсөткүчтөрдү алып келишкен. Мындан сырткары окуучулары физика предметинен олимпиадаларга катышып, олимпиаданын облустук, республикалык этаптарынан 1, 2-орундарды камсыз кылып келишкен.

Анын эмгеги жогору бааланып, жаш муундарды окутуп-тарбиялоого кошкон салымы үчүн 2013-2017-жж. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн, 2015-2017-жж. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын, 2019-ж. Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, 2011-ж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак громаталары, 2017-ж. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Алкыш” баракчасы, 2020-ж. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле 2014-ж. Кыргыз Республикасынын «Билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгисин алган.

Тилекке каршы, шум ажал аны 2020-жылдын 14-октябрында арабыздан алып кетти.

Эжейдин алдыга койгон максаты: интерактивдүү методдорду колдонуу менен окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү, кругозорун кеңейтүү жана окуучуларды өз алдынча ой жүгүртүүгө тарбиялоо эле.

Тынар Искановна шайыр мүнөз, жоопкерчиликтүү, чечкиндүү, намыстуу, мээнеткеч, ар кандай иш-аракетти жүрөгү менен кабыл алган, бирге иштешкен кесиптештери менен эң жакшы мамиле түзө алган кайталангыс инсан эле. Анын ишмердиги кийинки муундарга өрнөк, үлгү боло алат. Өзүнүн эмгекчилдиги, улууну урматтап, кичүүнү сыйлаган бийик адамгерчилиги, ыймандуулугу, уюштуруучулук сапаты менен эмгек жамаатынын жана окуучуларынын эсинде түбөлүк сакталат.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер