АНЫ УЛУТЧУЛ ДЕП КЫЗМАТЫНАН ЧЕТТЕТИШКЕН

  • 09.12.2020
  • 0

Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата

2020-жылдын  4-декабрында   “Манас”  жана  Ч.Айтматов Улуттук  академиясынын  чоң  конференц-залында  чыгаан  мамлекеттик  жана  саясий  ишмер,  чыныгы  патриот,  улуу  инсан  ИСХАК  РАЗЗАКОВДУН  110 жылдыгына  арналган  “Исхак Раззаков жана “Манас”  аттуу эл аралык  онлайн-симпозиум  өткөрүлдү.

Ал  иш-чарага  КР  ЖКнын  депутаттарынан,  КР Өкмөтүнөн,  КР  билим  берүү  жана  илим  министрлигинен,  КР  маданият,  маалымат жана  туризм  министрлигинен,  “Искак Раззаков” атындагы Фондунан,  “Искак Раззаков” атындагы музейден,  Кыргыз Республикасынын  Улуттук  илимдер  акадамиясынан,  И.Арабаев  атындагы  Кыргыз мамлекеттик университетинен,  Баткен  облусунун  Лейлек  районунун администрациясынан өкүлдөр, коомдук  ишмерлер,  фольклорчу-манастаануучу,  адабиятчы-окумуштуулар  катышты.

Симпозиумда  “Манас”  жана  Ч. Айтматов Улуттук Академиясынын Президенти, филос. ил. канд., ардактуу  профессор  Топчубек Тургуналиев “И.Раззаков жана “Манас” эпопеясынын тагдыры”, Коомдук ишмер, саяс. ил. докт., профессор Жолборс Жоробеков  “Исхак Раззаковдун  “Манасты” фальсификаторлордон  сактап  калуудагы ролу”, КР Президентинин апаратынын алдындагы  “Мурас”  фондусунун башчысы, тарых ил. канд., профессор  Кыяз Молдокасымов  “Исхак Раззаков – улуттук лидер”, Тарых ил. докт., профессор Сулайман Кайыпов “Лидер, бийлик  жана  коом  түшүнүктөрү  жана  Искак Раззаковдун тагдыры” , тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев  “И.Раззаков жана азыркы Кыргызстандагы коомдук жашоо” , тарых илимдеринин кандидаты Байас Турал “Коммунисттик идеология жана улут лидеринин тагдыры”    деген темаларда баяндамаларды жасашты.

Симпозиумда КРнын Билим берүү  жана илим министри Алмаз Бейшеналиев, Кыргыз Улуттук илимдер Академиясынын президенти  Мурат Жуматаев, КУИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, илимдин доктору  Абылабек  Асанканов, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов, И.Раззаковдун Бишкектеги мемориалдык музейинин директору Арман Мамаханова, “Керээз” журналынын жооптуу редактору Мырзахит Мырзаев, адабиятчы жана  жазуучу Папан Дүйшөнбаев, коомдук ишмер Бейшен Жамгырчиев ж.б. чыгып сүйлөшүп, анын Кыргызстанды экономикалык, социалдык  жана маданий жактан өнүктүрүүдөгү эбегейсиз чоң ролун белгилешти. Ал орус мектептерине кыргыз тилин окутууну киргизип, башталгыч класстардын окуучуларына акысыз тамак бердирүүнү уюштурганы, Кыргызстан КП БК менен Кыргыз ССР Министрлер Советинин  кыргыз жаштарынан улуттук кадрларды даярдоону жакшыртуу боюнча атайын токтом кабыл алдырганы үчүн “улутчул” аталып, жергиликтүү  айрым кутумдардын “тоголок каттарынын” негизинде КПСС БКнын экинчи катчысы Ф.Козловдун кысымы менен  кызматынан четтетилген.

И.Раззаковдун “Манас” эпопеясын сактап калуудагы ролу абдан чоң болгон. Ал эпопея боюнча 1952-жылы өткөрүлгөн Союздук илимий-практикалык  конференциянын башталышынан аягына (беш күн бою) чейин катышып, анда “Манасты” жактап сүйлөгөндөрдү колдоп, оң чечим кабыл алынуусуна чоң салымын кошкон.

Илимий-практикалык  конференциянын катышуучулары  улуу мамлекеттик  ишмердин өмүр жолун, эл үчүн аткаргандарын дагы тереңирээк изилдеп, үйрөнүүнүн зарылдыгын, бул багытта толук элге жеткириле элек жагдайлар бардыгын белгилешти.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер