АНКАРАНЫН АЙМАГЫНДА МАНАС БАБАБЫЗДЫН ЭСТЕЛИГИ АЧЫЛАТ

  • 18.08.2021
  • 0

Кыргыз Эл жазуучусу, белгилүү коомдук ишмер Султан Раев 31-августта өлкөбүздүн 30 жылдык эгемендүүлугунө карата Кыргыз элчилигинин демилгеси жана жарандарыбыздын колдоосу менен Анкаранын Кичи-Өрөөн аймагында Манас Атабыздын эстелиги ачыларын кабарлады.

АНКАРАНЫН АЙМАГЫНДА МАНАС БАБАБЫЗДЫН ЭСТЕЛИГИ АЧЫЛАТ

Анын айтымында азыркы учурда Түркияда  эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын саясий — экономикалык, маданий-гуманитардык маселелерге байланышкан иш-чаралар Түрк мамлекетинин, эл аралык уюмдардын колдоосу менен уюштурулууда.

-Алдыда бир топ олуттуу иш-чаралар өтөт. Түрк мамлекеттеринин боордоштугун, бир туугандыгын чагылдырган бул окуялар элдерибиздин интеграциялык байланыштарына көпүрө, чоң өбөлгө. Кечээ Анкарада Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Анкарадагы Улуттук китепканда көргөзмө уюшулду. Ачылыш салтанатында Түрк мамлекеттеринин кызматташтык Кеңешинин атынан сүйлөдүм, -дейт С.Раев.

М.Токторов

 

Бөлүшүү

Комментарийлер