АНГЛИС ТИЛИНИН ЖУМАЛЫГЫ

  • 20.02.2020
  • 0

Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинде  англис тилинин бир жумалыгы жарыяланды.

АНГЛИС ТИЛИНИН ЖУМАЛЫГЫ

Баардык англис тилчи мугалимдер тарабынан Англис тилинин жумалыгынын ачылышы болду жана окуучулар жумалыктын иш-чаралары менен тааныштырылды. Ар бир класс милдеттүү түрдө активдүү катышсын деп милдеттендирилди.

Жумалыкта англис тили мугалими Субанова Асел жана волонтер Киндра Халберт менен 12-14февралда 8-9-10-11-класстар менен ачык сабак өтүштү. Осмоналиева Уулкелсин эже 11-февралда 11-класстар үчүн “Easter” деген темада,14-февралда Мүсүралиева Гүлнара эже 9-класстар үчүн “Quiz” деген темада, Сагынбекова Аксана 13-февралда “Brain storm” темасында сабактар өткөрүлдү.

Конкурска катышкан окуучуларга сертификат жана кызыктыруучу белектер тапшырылды. Англис тилинин жумалыгы жогорку деңгээлде өттү.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер