Англис тили: профессионалдык өнүгүүгө жол ачат
- 30.12.2024
- 0
«Лингва» инновациялык билим берүү коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен «Жаңы муундагы билим берүү» долбоорун 2025-жылдын январь айынан баштап ишке ашырууну улантат.
Бул долбоор англис тилинде сүйлөө жөндөмүн өркүндөтүүгө жана SТЕМ билим берүүнү (илим, технология, инженерия жана математика) өнүктүрүү үчүн долбоордук окутуу ыкмаларын жайылтууга багытталган. Долбоор өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде Бишкек шаарында, ишке ашырылып, 800гө жакын англис тили мугалимдерин жана 400 SТЕМ сабактарынын окутуучуларын камтыйт. Программа 90 сааттык офлайн сабактарды камтыйт, анын ичинде англис тилин окутуу жана методикалык тренингдер бар. Бул тренингдерди «Лингва» фонду тарабынан даярдалган аймактык тренерлер алып барат. Бул тренерлер 2020–2022-жылдары ишке ашырылган «Англис тилин окутуу боюнча улуттук реформаларды колдоо» долбоорунун алкагында даярдалган.
Заманбап англис тилин окутуу ыкмалары
Бул долбоор окуучулардын коммуникативдик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган жана англис тилин ар кандай чыныгы турмуштук кырдаалдарда активдүү колдонууга үйрөтөт. Тапшырмалар жана көнүгүүлөр окуучуларды реалдуу контексттерге алып келип, билимдерин практика жүзүндө колдонууга шарт түзөт. Үй тапшырмаларын текшерүү жана жаңы материалдарды киргизүү жуптарда же топтордо оюн жана интерактивдүү тапшырмалар аркылуу ишке ашат. Ошондой эле долбоордук иштөө окуучулардын кызыгуусун арттырып, кызматташтыкты бекемдеп, материалды натыйжалуу өздөштүрүүгө жардам берет.
«Жаңы муундагы билим берүү» долбоору эмне үчүн маанилүү?
Азыркы тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө англис тилин билүү жана СТЕМ окутуу ыкмалары чоң мааниге ээ. Англис тилин билүү билим алууга жана кесиптик өнүгүүгө керектүү эң жаңы ресурстарга жана мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. SТЕМ жөндөмдөрү, мисалы, аналитикалык ой жүгүртүү, көйгөйлөрдү чечүү, программалоо жана инженерия көндөмдөрү, эмгек рыногунда жана инновациялык технологияларда барган сайын талап кылынууда. Ошондуктан, мугалимдердин бул багыттагы квалификациясын жогорулатуу окуучуларды азыркы дүйнөнүн талаптарына даярдоого мүмкүнчүлүк берет.
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу
Долбоордун алкагында мугалимдер кызыктуу жана пайдалуу сабактарды пландап, өткөрүүгө шыктанышат. Бул окуучулардын ийгиликтерине оң таасирин тийгизет. Мугалимдер заманбап жергиликтүү жана эл аралык басмаканалардан алынган актуалдуу окуу материалдарын колдоно алышат, бул окутуу процессин кызыктуу жана натыйжалуу кылат. Андан сырткары, мугалимдердин ишин баалоо жана тажрыйба алмашуу үчүн сабактарды өз ара байкоо каралган.
Жалпысынан алганда, «Жаңы муундагы билим берүү» долбоору заманбап талаптарга жооп берген сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу жана окуучулардын өнүгүүсүнө чоң салым кошот.
Комментарийлер