АНГЛИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИНИН РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН – 2022 СЫЙЛЫК ТАПШЫРУУ АЗЕМИ

  • 26.02.2022
  • 0

2022-жылдын 17-февралында англис тили мугалимдеринин республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн онлайн сыйлоо аземи болуп өттү.

Бул сынак Билим берүү жана илим министрлигинин жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосунда “Лингва” коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

Сынактын максаты –билимин көрсөтүүгө жана окутуунун заманбап усулдары боюнча идеяларын жайылтууга даяр прогрессивдүү мугалимдерди аныктоо болгон.

Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан жалпы билим берүүчү мектептердин жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери катышты. Мектеп мугалимдери үчүн сынак үч этапта өткөрүлдү: жазуу жүзүндөгү тестирлөө; окутуунун инновациялык методдорун колдонуу боюнча сабак пландарын жана маектерди иштеп чыгуу. Жогорку окуу жайларынын окутуучулары арасында англис тилин окутуунун коммуникативдик методу боюнча мыкты академиялык макала жазуу боюнча сынак өткөрүлдү.

Жалпысынан сынакка катышуу үчүн 660 арыз катталган. Калыстар тобунун мүчөлөрү Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык институттун (РСПКА) өкүлдөрүнөн, “Лингва” Фондунун методисттеринен, улуттук англис окуу китептеринин авторлорунан жана АКШ элчилигинин алдында иштеген англис тили боюнча адистен
турду.

Сыйлык тапшыруу аземи Билим берүү министрлигинин демилгеси менен 2022-жылдын 14-февралынан 19-февралына чейин өткөрүлгөн англис тили жумалыгына карата уюштурулду. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы орто мектептерде ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү, анын ичинде викториналар, дубал гезиттердин сынактары, сабак планын иштеп чыгуу жана алмашуу программасынын бүтүрүүчүлөрү жана АКШ элчилигинин кызматкерлери онлайн презентацияларды өткөрүштү.

Биринчи орундардын жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктарга ээ болушту: Acer A315-34 Intel ноутбук, Canon i-SENSYS MF3010 принтери, Kindle Paperwhite 4 электрондук окугуч жана эл аралык басмаканалардын
китептери.

Республикалык масштабдагы бул иш-чара кесиптик алмашууну кеңейтүүгө жана Кыргызстандагы англис тили мугалимдеринин кесиптик деңгээлин системдүү түрдө жогорулатууга мугалимдердин мотивациясын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер