АНГЛИС ТИЛИ ДЕКАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 22.03.2019
  • 0

Сумсар атындагы мектепте  англис тилинин он күндүгү  жыйынтыкталды. Он күндүктүн жүрүшүндө  ар кыл темада  иш-чаралар жүргүзүлдү.

Маселен, “Our hand  made” көргөзмөсүнө окуучулар өз  колу менен жасаган  буюмдарды коюшту. Ошондой эле “English  rebuses and proverbs” темасында дубал газеталар илинди. Бир сөз менен айтканда  ой ордо  газетасында окуучулар англис тилине болгон ой пикирлерин жана каалоо тилектерин  жазышты. Мындан сырткары, 5-8- класстар  арасында  сүрөт  сынагы, ачык сабактар, интеллектуалдык оюндар, “English  poetry”  ыр саптарын англис тилинде  көркөм айтуу  сынагы “Happy English”  ийриминин  катышуучуларынын   арасында өтүп,  6-классынын  окуучусу Курбаналиева Айпери  1-орунга  жетишсе,7-классынын окуучулары  Валиева Жаркынай,  Ибраимжан кызы Дамира 2-орунду, ал эми  Абазбеков Искендер жана  Кочконбаева Назира 3- орунду багындырышты.  9-11-класстардын окуучулары  “Tom Brown`s  adventures”  кечесинде  чыгармадан үзүндүлөрдү англис тилинде  сахналаштырып  көрсөтүштү.  Ал эми “English  is an international  language of communication ” деген  тематикадагы  тегерек стол  бүгүнкү күнү Америка Кошмо Штаттарында  иштеп жаткан  жердешибиз, Сумсар мектебинин 2010-жылкы бүтүрүүчүсү Султанбек уулу  Алмаздын катышуусунда өтүп, окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун күчөттү десем да жаңылышпайм. Ошентип англис тилинин он күндүгүнүн   жыйынтыгында  жакшы катышкан окуучуларга  мактоо баракчалары тапшырылып, ыраазычылык билдирилди.

Жанылай Момунова,  Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебинин англис тили мугалими,   Чаткал району,  Жалал-Абад  облусу

 

Бөлүшүү

Комментарийлер