АНГЛИС ТИЛЧИЛЕР ҮЧҮН ТРЕНИНГ

  • 17.04.2018
  • 0

13-апрелде И. Раззаков атындагы КМТУда англис тилчи  окутуучулар үчүн өтүп жаткан бир жумалык тренинг соңуна чыкты.

АНГЛИС ТИЛЧИЛЕР ҮЧҮН ТРЕНИНГ

Тренинг АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жана Lingva Schoolдун колдоосунда өттү. Ага Кыргыз-Түрк «Манас», «Ата-Түрк Ала-Тоо»,  Кыргыз-Орус Славян, Ысык-Көл мамлекеттик, Кыргыз экономикалык, Кыргыз улуттук, Бишкек гуманитардык, Кыргызстандагы эл аралык университеттеринин,  Медициналык академиянын окутуучулары активдүү катышышып, жогорку окуу жайында англис тилин окутуунун бир катар методикалары менен таанышышып, тажрыйба алмашышты.

Тренингдин негизги максаты окутуунун STEM интерактивдүү методикасын үйрөтүү болуп саналат. Окутуучуларга Америкадан келген тренер, Колорадо университетинин профессору Марк Дорр сабак өтүп, окуу программаларын жана окуу пландарын иштеп чыгуунун эффективдүү жолдорун үйрөттү.

Бөлүшүү

Комментарийлер