АНГЛИС ТИЛ ЖУМАЛЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 22.02.2022
  • 0

Аксы районунун билим берүү уюмдарында  14-18-февраль күндөрү англис тили жумалыгы болуп өттү.

АНГЛИС ТИЛ ЖУМАЛЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Окуучулар арасында ар түрдүү темадагы ачык саат, конференция, конкурс жана кечелер жогорку деңгээлде уюштурулду. Жумалыкты уюштурган мугалимдерге ыраазычылык айтуу менен мындан аркы иштерине албан ийгиликтерди каалайбыз.
Айта кетчү нерсе, райондо окуучулар арасында FLEX программасына жана ар түрдүү долбоорлорго катышкан окуучулардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Буга чейин англис тилинен бир окуучубуз республикалык олимпиадада 1-орунду камсыз кылса, бир мугалимибиз АКШда өз билимин өркүндөтүп, тажрыйба алмашып келди. ACCESS программасы менен 30 окуучу бүгүнкү күндө кошумча билим алууда.

Мырзаканова Махабат,
Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер