«АМЕРИКА ЫРЛАРЫ 2020» СЫНАГЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮ ТҮЗ ЭФИРДЕ АНЫКТАЛАТ

  • 19.11.2020
  • 0

Кыргызстандын ар кайсы жеринен келген 700дөн ашуун катышуучулардын арасынан мыкты деп тандалып алынган 10 орто мектеп окуучусу жана 8 жогорку окуу жай студенти, 20-ноябрь, жума күнү “Америка ырлары 2020” сынагында жеңишке жетүү үчүн ат салышат.

Ыр сынагы TV1 KG каналында жана Youtube тармагында саат 17:00дө түз эфирде көрсөтүүгө чыгат. Финал катышуучуларына Билим берүү министрлигинин кызматкери, кесипкөй ырчы Мирбек Атабеков, “Henhouse Prowlers” музыкалык тобунун америкалык аткаруучусу Бен Райт жана АКШ Элчилигинин өкүлү катышкан эксперттик топ баа берет.

Быйылкы Америка ыр сынагынын финалисттери Ош, Нарын жана Талас областарынын жана Бишкек шаарынын 65 орто мектебинин 600 окуучулары арасында күч сынашты. Бишкек жана Ош шаарларындагы жети университеттин 100 студенти финалдык беттешке катышуу үчүн тандалганга чейин аймактык сынактарга катышышты. Ыр сынактын катышуучулары улуттук сынакка катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн АКШ ырчыларынын ырларын үйрөнүшүп, райондук жана облустук деңгээлдеги эксперттик калыстар тобу үчүн аткарышып беришти.

2014-жылдан бери АКШ Элчилиги “Sun People” уюму менен биргеликте орто мектеп окуучуларынын жана ЖОЖ студенттеринин англис тилин үйрөнүүсүнө көмөктөшүү жана АКШ ырчыларынын англис тилиндеги ырларын үйрөнүү жана ырдоо менен АКШнын маданияты жөнүндө көбүрөөк билүүгө жардам берүү максатында жыл сайын Америка ырлары сынагын өткөрүп келет. Быйылкы сынак студенттердин аткаруучулук музыкалык видеолорун камтыган биринчи виртуалдык сынак болду.

Сынактын катышуучуларын, калыстарды жана техникалык кызматкерлерди пандемиядан сактоо үчүн сынактын катышуучулары профессионалдык сапаттагы клиптерди жаздырышты, ал клиптер Кыргыз Республикасынын бүткүл аймактарындагы калыстар жана көрүүчүлөр үчүн көрсөтүлөт. Калыстар видеотасмаларды онлайн платформа аркылуу көрө алышат, анткени алар Кыргыз Республикасынын жана Кошмо Штаттарынын ар кайсы аймактарынан катышып жатышат. Иш-чара жума күнү, 20-ноябрда, саат 17:00дө Америка Ырлары Саныгынын YouTube каналында жана TV1 KG каналында түз эфирде өтөт. Ким билет, балким сиз жаңы жылдыздын пайда болушун көрө аласыз?

АКШ Элчилигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер