АЛЫСТЫ ЖУУК КЫЛГАН АРАЛЫКТАН ОКУТУУ

  • 22.04.2020
  • 0

АЛЫСТЫ ЖУУК КЫЛГАН АРАЛЫКТАН ОКУТУУ Шерипбаева Акылай мектепте 17 жылдан бери иштеп келатат. Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун энеси. Ала-Бука районундагы №20 Ажек жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили, адабияты мугалими.

— Саламатсызбы, Акылай эжеке! Сиз менен аралыктан окутуу боюнча маектешким келди. Жумушта бир топ жаңы түйшүктү жаратып жатканы маалым эмеспи. Бул кырдаалдагы жакшы мүмкүнчүлүктөр жана кейиштүү көрүнүштөр жөнүндө айтып бериӊизчи?

— Кандайсың, Ашира? Олуттуу сурооң бар экен. Ар бир эле нерсенин оң жагы жана терс жагы бар эмеспи. Азыркы кырдаал мамлекетибиздин экономикалык абалына жана жашоо тиричиликке, адамдардын аң-сезимине терс таасир берип жатканы менен, биздин мугалимдердин изденүүсүнө, башкача чыгармачылык дем менен иштешине түрткү берип жатат.

Президентибиздин быйылкы жылды «Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы» деп атаганын да көӊүлдө туталы. Менин педагогикалык баамымда, бул жай жүрө турган процесс, бирок чоң кадам болду деп ойлоймун.

Дистанттык билим берүүдө окуучуга 15 мүнөттүк сабак учурунда өтө так, мүмкүн болушунча кыска-нуска, бирок кызыктуу маалымат берүүгө аракет жасап жатабыз. Тынбай изденип, интернеттен маалыматтарды алып, аны толуктап, тактап, окуучуларга сунуштап жатабыз.

Биздин N20 Ажек жалпы орто билим берүүчү мектепте ватсаптагы атайын тайпабыз бар. Деректирибиз Атыргүл Эргешова баштаган администрация бизге дем күч берип турушат. Мына ушул тайпада «Сабактын сабаттуулугун кантип арттырабыз?» деген суроо боюнча маанилүү талкуу жүрүп турат. Кайсыл тиркемени кантип көчүрүп алып, аны кайсыл жерде пайдаланса, натыйжасы жакшы болот деп талашып-тартышабыз. Өзүң билгендей, талкуудан тактык жаралат эмеспи. Кагаз кылымы деп аталган доор өтүп бараткандай.

Керексиз кагаздарга чек коюлгандай болду. Улам эле жазмалай-чиймелей берип, кагаз документтер аябай көбөйүп кеткен болчу. Азыр санариптик негизде, слайд, видеоролик жасап, онлайн сабактарда окуучуга үйрөтүп жатабыз.

Буга чейин баласынын окуусуна көӊүл бурган ата-энелер аз болчу. Ал эми азыр ата-эне окуучу менен тыгыз байланышта болуп, мугалим менен бирдикте балдардын жакшы билим алышына кызыккан жагдай түзүлдү.

— Ооба, туура айтасыз, учурдагы кыйчалыш кырдаалга карабай, санариптештирүүнүн алгачкы кадамдары арыштуу болууда. Сиздин пикириңиз маанилүү жана терең. Кыйынчылыктарга жеӊдирбей, агартуучулук ишиңиздер илгерилей берет деп эл сиздерге ишенет.

АЛЫСТЫ ЖУУК КЫЛГАН АРАЛЫКТАН ОКУТУУ

— Бул илдет менен күрөшүүдө биздин, мугалимдердин, окуу-тарбия процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатындагы иш-аракетибиз өз жемишин берсе, абдан кубанабыз. Бул күндөр да өтөт, жакшы мезгил келет, Кудай буюрса. Элибизге тынчтык, аманчылык тилейм.

— Саламат болуңуз. Мекенибиз тынч, элибиз аман болсун.

Маектешкен Ашира Кулишева

Сүрөттөрдө: Акылай Шерипбаева окуучулары менен.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер