АЛЫСКЫ АЛАЙДАГЫ УСУЛДУК СЕМИНАР

  • 08.01.2021
  • 0

6-январда Алай районунун мугалимдери үчүн Усулдук күн уюштурулуп, окуу иши 33 багытта уюшкандыкта өттү.

География мугалимдеринин усулдук бирикмесинин жетекчиси Эрали Абдиев менен райондук окуу-методикалык кабинетинин башчысы Бурканбай уулу Алымбек уюштурган география жана аскерге чейинки даярдык мугалимдери үчүн семинар жогорку деңгээлде болгонун белгилей кетели.

Анткени бул күнкү семинарга
Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу жана география факультетинен т.и.к. доцент Абжапарова Динара Амалбековна, доцент Зулушова Акылай Токторалиевна, ага окутуучулар Камчиев Улан Мансурович жана Исакова Умида Ергашевна келип, «Географияны окутуунун методикасы», «Топография жана картография», «Климатология жана гидрология» дисциплиналары боюнча мугалимдерге эң зарыл маалыматтарды беришти.

АЛЫСКЫ АЛАЙДАГЫ УСУЛДУК СЕМИНАР

Тренинг сабактын жүрүшүндө инженер-геодезист жана топограф Абжапарова Динара Амалбековна өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, кантип иштөө, өлчөө керектигин иш жүзүндө көрсөтүп берди.

АЛЫСКЫ АЛАЙДАГЫ УСУЛДУК СЕМИНАР

География мугалимдери ЖОЖ окутуучуларына ыраазычылыгын билдиришип, мындан ары да тыгыз кызматташуу тууралуу өз сунуштарын айтышты.

АЛЫСКЫ АЛАЙДАГЫ УСУЛДУК СЕМИНАР

Усулдук күндө райондук аскер комиссариатынын аскерге чейинки даярдык боюнча инспектору Талант Маматалиев аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча окуу программалардын аткарылышы жана райондук аскер комиссариатынын мектептер менен  экинчи жарым жылдыктагы иштөө планы менен тааныштырды.

АЛЫСКЫ АЛАЙДАГЫ УСУЛДУК СЕМИНАР

Семинардын катышуучулары азыркы жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодогу аскерге чейинки даярдык сабагынын ордуна жогору баа беришип, мектептерди аскердик окуу каражаттары менен камсыз кылуу жагын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен өтүнүштү.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер