АЛЫКУЛ ОСМОНОВ САГЫНБАЙ ОРОЗБАКОВ ЖӨНҮНДӨ

  • 21.11.2017
  • 0

ХХ кылымда жашаган манасчылардын эң көрүнүктүүсү, эң күчтүүсү, эң улуусу Сагымбай Орозбак уулу болуп эсептелет. Бирок, биздин уятыбызга жараша ушул улуу киши жөнүндө бир да сөз жазыла элек.

 

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ САГЫНБАЙ ОРОЗБАКОВ ЖӨНҮНДӨ

 

Биздин кыргыз акындары айткандай: «Сагымбайдын бир сөзү бир аттык»… Өзүбүздү көтөрбөй айтканда, орус классиктерин жана Күн батыш адабияты менен тааныш биз сыяктуу кишилерге Сагымбай Орозбаков да Пушкин, Толстой, Данте, Шекспир сыяктуу таң калтырчу күч болуп сезилет. Биз орустун улуу чеберелерине баш ийгендей, Сагымбайга да баш ийебиз. Ал бирдемени үйрөнүп алып жаттап алып айткан жамакчы эмес, алу улуу – акын. Ал улуу эпосту түзүүчүлөрдүн бири.

Аны кандай гана шартта окугун баары бир сени өзүнө тартып алат да, укмуштуу жөнөкөйлүгүнө, эркин күчүнө, уйкалышкан сөз тизмегине, сонун образдарына тамшандырып, баш чайкатат. Аны окуп отурганда эрксизден: «Кайран Сакем» деп жибересиң.

ХХ кылымда Сагымбайдын күчүнө тете акын туула элек десек жаңылышпайбыз. Ал элдик адабияттын пири катарында сезилет да, улуу Гомердин элесиндей көрүнөт.

Сагымбай 1867-жылы Ысык-Көлдүн күнгөй тарабында Кабырга деген сууда (азыркы Тору Айгырда) туулган. Атасы Орозбак Ормон хандын кернейчиси болгон, агасы Алишер эл көзүнө көрүнгөн кадимкидей эле манасчы болгон. Кийин инисинин атагы чыкканда агасы «Манас» айтууну коюп койгон.

Сагымбай элдик легендада айтылгандай, 14-15 жашында эле «түш көрүп» жана Тыныбектен үйрөнүп манасчы болгон. Ал жаш кезинен эле оозго алынып Ысык-Көл, Тянь-Шан. өрөөнүнө бүт айтып, анан Чүй, Талас, Кетмен-Төбө, Алайга чейин айткан. Ошол «Манас» айтып барган бир жылы Чүй өрөөнүнөн 400 керкашка жылкы айдап келген дешет. казак элине баргандагы сыйы да ушуга тете болгон. 30 жашында Сары-Үйсүн, Кум казактарынын ырчылары менен жолугушканда, тигилер: «Биздин казак, кыргызда мындай олуя ырчы жок»-дешкен.

Сагымбай өз доорунун бардык улуу кишилери менен байланыштуу болгон жана өз заманын жакшы тааный билген.

Кыргыздын улуу акыны Токтогул менен Кетмен-Төбөдө кезигишкенде Токтогул Сагымбайга баш ийген экен. Токтогул менен олтурганда бир күн, бир түн тынбай айтыптыр, ошондо Токтогул: «Кыргыздан мындай манасчыны эч көргөн эмесмин, эстен тандым», — деген экен.

Эл артисти Молдобасан Мусулманкулов: «Акындык жагынан ага тең келген күчтү көргөн эмесмин, биз анчейин анын баласы катарындабыз», — деген.

Сагымбай 1916-жылы Кытайга эл менен кошо үркүп барып, ал жерде да «Манасты» айткан. Синь-Цзяндын кыргыздарынан да буга тең келген акын жана манасчы чыккан эмес.

Сагымбайдын вариантын жазуу Октябрь революциясынан кийин башталды. Аны жаздыруу орус илимпоздорунун демилгесинен болду.

Жазууну баштоонун жылдары (1922-жылы) советтик курулуштун балалык доору эле, кыргыз феодализминин такыр жоюлуп бүтө элек учуру болучу. Андыктан ал кездеги тайкы адамдар, жек көрүндү улутчулдар бул ишке жакшы мани беришкен эмес.

Сагымбайга жардам берүүнүн ордуна: «Сен саяксың, андыктан «Манасыңды» өрттөп салабыз» — деп уулашкан. Улуу манасчы ага карабастан чын дили менен «Манаска» берилген. Ак Молдону (Ыбрайымды) ээрчитип алып, төрт жыл бою жаздырган. Ал эч кандай эмгек акы, калам акы да алган эмес. Бир күнү «Манасты» жаздырып жатып, Ыбрайымга: «Азыркыбызга кейибейли кийинки укум-тукумубуз үчүн кейийли, жүр-нарыга салбай жакшылап айтып, жакшылап жазалы. Булар билбесе, кийинки калыс өспүрүмдөр билер. Бизге ыракмат айтышар», — деген экен.

Анын бул акылман сөзү айтканындай эле бар, албетте, ал киши биздин күндө өзү айткандай бааланууда. Аны уулаган уруучулдар арабыздан алда качан тазаланган.

Сагымбай кийин колхоз курулушу доорунда да кыргыз жерин бүт кыдырып «Манасты» айтып жүрдү. Октябрь революциясы орнор замат революцияны жана Ленинди «Манас» күүсүнө салып… ырдап жүрдү. Кыргыз жеринин кай жерине барсаң да Сагымбай жөнүндө сөз кылышат. Ал өз элин баатырлыкка, эр жүрөктүүлүккө, адилдикке биздин бактылуу болочогубузга жетелеген акын болгон. Анын «Манас» эпосунан башка биздин күндөр жөнүндө ырдаган сонун ырлары бар.

Эл аны жалаң гана акын же манасчы катарында баалабай, аны көрөгөч, касиеттүү киши катарында да баалашкан. Ошондуктан, өз балдарынын атын Сагымбай деп койгондор да болгон.

Кээ бир учурларда (эл колхоздошкон учурларда) малга кырсык учурап, өлүм-житим болгон жерлерге «касиет тийет» дешип Сагымбайды чакыртып барышып «Манас» айттырышкан.

Ысык-Көл, Фрунзе, Талас, Тянь-Шань жана башка областтарга барып, Сагымбай жөнүндө сурасаң, четтен чыгып айтып беришет. Элдин арасында анын образы мындай айтылат: «жазы маңдай, жалаң көз, бетинен ырыс тамган, ырына ооз ачкандан тең келбеген, жайкалган кара сакал, кара мурут, ак көңүл, кичи пейил, салабаттуу, чексиз адамгерчиликтүү, кыргызда чанда туулган бир адам эле».

Кыргыз эли өзүнүн улуу манасчысын жанындай сүйөт.

Кыргыз жаштары Сагымбайдын «Манасын» окуу менен коркпостукту, болочокко жайдары кароону, жаңы доордун сонун иштерине ак ниет жана берилгендик менен кызмат кылуунун касиеттерин үйрөнүшөт.

Алдыбызда боло турган «Манас» эпосунун 1100 жылдык юбилейинде, кыргыздын Гомери – Сагымбай Орозбак уулун да айрыкча белгилеп кетүү керек. Ал гана эмес, анын туулган жана өлгөн жылдары (ал 1930-жылы 63 жашында, Кочкор районундагы Кош-Дөбө кыштагында өлгөн) улуу акындар катары эскертилип туруу керек.

Даярдап берген Памирбек Казыбаев

Бөлүшүү

Комментарийлер