“АЛЫКУЛ ҮЙ-БОРБОРУ” МЕНЕН СТУДЕНТТЕР ТААНЫШТЫ

  • 18.02.2020
  • 0

2020-жылдын 11-февралында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин ТИ жана МТО боюнча директордун орун басары Адила Рысалиева окуу жайдын лидерлери менен  Бишкек шаарындагы кыргыз поэзиясынын өкүлү, таланттуу  акыныбыз А.Осмоновдун Бишкектеги үй-музейине барып келишти.

“АЛЫКУЛ ҮЙ-БОРБОРУ” МЕНЕН СТУДЕНТТЕР ТААНЫШТЫ

  • “Алыкул үй-борбору” коомдук бирикмесинин башчысы Памир Казыбаев студенттерге акындын өмүр баяны, музей тууралуу кызыктуу кеп куруп берди. Бул үй 1948-жылы жайында сатылып алынып, акыныбыздын максаты ушундай тынч бурчта, тынч жашоо, чыгармачылыгын өркүндөтүү болгон экендигин айтты. А.Осмонов өмүрүнүн соңку жылында 1950-жылы атасы Осмонкулдун карындашы Сырганы уулу Болотбек менен көчүрүп келип чогуу тургандыгы, дүйнөдөн өткөндөн кийин, “Победа” машинасы жана буюм-тириги Токмоктун үстүндөгү Арпа-Тектир айылында жашаган бир тууган эжеси Мария Осмоновага тийгендиги тууралуу да кеп куруп берди. Студенттер музейдеги улуу акындын кол жазмалары, китептери, сүрөттөрү, буюмдары менен да кеңири таанышып келишти, — дейт А.Рысалиева.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер