Алыбаева Гулнарага Нарын облусунун сыйлыгы тапшырылды
- 16.10.2026
- 0
«Кут Билим» гезитинин бөлүм башчысы Гулнара Алыбаева КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды.

Кесиптешибизди кубануу менен куттуктайбыз жана кесиптик чыгармачылык ишине дагы көп-көп ийгиликтерди каалайбыз!
Гулнара Алыбаева «Кут Билим» гезитинде иштеп жатканына 30 жылга жуук убакыт болду. Кыргызстандын мектеп тармагы, мугалимдер, таалим-тарбия, кошумча билим берүү, илим, билим берүүдөгү жаңылануу реформалары жөнүндө көптөгөн аналитикалык макалаларды жазып, агартуу журтуна жакшы таанымал болду.
«Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы, Бишкек мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. «Кут Билим» гезитинин «Куттуу калем» сыйлыгынын биринчи жана жалгыз лауреаты.