«Алтын тамга» тести жоюлат
- 18.02.2025
- 0
«Алтын тамга» тестирлөөсү жоюлат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде билдирди.
«Жакын арада «Алтын тамганы» алып салабыз. Ал бир жакка өтүүгө жардам бербейт. Кызыл аттестат жана Жалпы республикалык тестирлөө калат. Ал эми айрым облус жетекчилеринин ЖРТ жана «Алтын тамга» тестирлөөсүнөн жакшы найтыжа көрсөтпөсө иштен алынат дегени аша чабуу. ЖРТ — бул ЖОЖго өтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу экени жобосунда жазылган», — деди Кендирбаева.
Министр ЖРТ тапшыруу ыктыярдуу экенин эске салып, анын жыйынтыгы билимдин сапатын аныктабай турганын кошумчалады.
«Алтын тамга» тести 2011-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп, окуучулардын сабактарды канчалык өздөштүргөнүн баалап келген. Аны алган окуучу экзамендерден бошотулат. Тестке бардык сабактардан «5» (эң жакшы) алган 10-11-класстын окуучулары катыша алат.
Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,
«Кут Билим»
Комментарийлер