«АЛТЫН ТҮЙҮНДҮН» ЖАҢЫ ФИЛИАЛЫ АЧЫЛДЫ

  • 12.07.2022
  • 0

8-июлда Чүй облусунун Кемин шаарында «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Ага КР Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Салтанат Өмүрканова, «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директору Жаркын Бапанова, Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев, шаардык кеңештин депутаттары, Кемин райондук мамадминистрациясынын өкүлдөрү, Чүй облусунун райондук мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелеринин директорлору, чыгармачылык балдар борборлорунун директорлору, жергиликтүү тургундар жана окуучулар катышты.

Филиалдын ачылышы — Кемин шаарында гана эле эмес, бүтүндөй Чүй облусунун балдарынын техникалык билимин жана чыгармачылыгын өнүктүрүүгө болгон олуттуу салымы катары болуп жаткандыгы эсептелинет!

Бөлүшүү

Комментарийлер