“АЛТЫН ТҮЙҮН” ТАРБИЯЛАНУУЧУЛАРЫ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАТ!

  • 18.01.2021
  • 0

Илим, техника жана өнөр жайга кызыккан, өзгөчө ойлоно билген жана эң жогорку натыйжаларга жетишүүгө жөндөмдүү Кыргызстандын келечектеги лидерлерин тарбиялоо – “Алтын түйүн” Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясынын алдына койгон зор милдеттеринин бири. Балдар илим жана чыгармачылык менен гана алектенбестен, академиянын студияларынын жана клубдарынын таланттуу жетекчилиги астында шаардык, республикалык жана эл аралык мелдештерге активдүү катышып, чет өлкөлөрдө Кыргызстандын атынан  татыктуу чыгып жатышат.  2021-жылынын 15-январында эл аралык аренада Кыргызстандын жаштарынын жетишкендиктерине салым кошкон БРИТА “Алтын түйүндө” академиянын тарбиялануучуларына сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

“АЛТЫН ТҮЙҮН” ТАРБИЯЛАНУУЧУЛАРЫ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАТ!

Жаңырган жылдын 4-январынан 12-январь аралыгында “Ак кеме” отелинде 6 жаштан 18 жашка чейинки улан-кыздар арасында шахмат боюнча Кыргызстан чемпионаты болуп өттү. “Алтын түйүн” шахмат клубунун тарбиялануучулары А.А. Умарбековдун жетекчилиги астында эң сонун натыйжаларды көрсөттү. 8 жашка чейинки категория боюнча алтын медалды кыздар арасынан Рамисова Аделина жеңип алса, 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында алтын медалга — Онуфриенко Владислав татыктуу болду. II орунга жана күмүш медалына 18 жашка чейинки балдар категориясынан Тыныбеков Бакыт татыктуу болду. Эми аталган балдар Азия жана батыш Азия дүйнөлүк чемпионатында өлкөбүздүн атынан барат. Балдарды Кыргыз Республикасынын Шахмат федерациясынын президенти Талант Мамытов сыйлады. Ал III командалык орунду ээлеген БРИТА шахматисттерине дипломдорду жана Кубокту тапшырды.

“АЛТЫН ТҮЙҮН” ТАРБИЯЛАНУУЧУЛАРЫ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАТ!

“Алтын түйүн” окуучулары карантинде убактыларын текке кетирген жок. «Солнышко» көркөм сүрөт студиясынын жаш сүрөтчүлөрү (жетекчиси – Солтобаева Д.Ш.), «Палитра» (жетекчиси – Искендербекова К.И.) жана «Спектр» (жетекчиси – Штанько С.Н.) «Мир во всем мире» АКШ Фермат искусство фонду өткөргөн долбооруна катышкан. Балдардын 58 иши Америка боюнча коомдук китепканаларда жана мектептерде ар кандай көргөзмөлөрдүн алкагында көрсөтүлөт жана ошондой эле, «Построим крышу над миром» Фермат искусство  фондунун сүрөттөр жыйнагына киргизилет. Жарыяланган соң, жыйнак Вашингтондогу АКШ Конгрессинин китепканасына жиберилет. Катышуучулардын сертификаттарын балдарга АКШ жана Канададагы КР Элчилигинин Атташе-Консулу Нуржан уулу Улукбек тапшырды. “Фермат искусство фондунун маанилүү милдети болуп АКШ жана постсоветтик өлкөлөр ортосунда  маданият аралык диалогду орнотуу эсептелет. Активдүү катышканыңар үчүн силерге ыраазычылык билдирем, балдар! Жасаган эмгегиңер —  бул биздин өлкөнү чет өлкөлөрдө таанытууга кошкон чоң салым. Сүрөттөрдөн биздин маданиятты, керемет табиятты, кайталангыс колоритти көргөн соң, чет элдиктерде Кыргызстанга болгон кызыгуу артат. Андан улам өлкөнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүүгө да зор салым кошкон болосуңар!” – деп,  Нуржан уулу Улукбек өз сөзүндө баса белгиледи.

“АЛТЫН ТҮЙҮН” ТАРБИЯЛАНУУЧУЛАРЫ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАТ!

БРИТА астрономдору бир нече республикалык, эл аралык мелдештеринин жана олимпиадаларында дагы байге ээлери болуп, жетишкендиктери менен кубантты. Балдар дайыма татыктуу натыйжаларды көрсөтүү менен көптөгөн өлкөлөргө барып келишти. 2020-жылдын август айында Колумбияда өтө турган  астрономия жана  астрофизика боюнча эл аралык  олимпиадага пандемиядан улам  сапар токтотулган. Интернет-коммуникацияны  өздөштүрүү менен А.В. Шумейконун жетекчилиги астында «Созвездие» клубунун окуучулары 23-28-ноябрында өткөн Казахстан Республикасынын “Бобек” Улуттук  илимий-практикалык, билим берүү жана ден-соолукту чыңдоо борборунда онлайн форматтагы конференцияга М.Абдильдин атындагы «Человек. Земля. Вселенная» Республикалык турнирине катышты. Кыргызстанды жана «Алтын түйүндүн» атынан Бредников Владимир, Анарбеков Акмаль, Тахирова Элизабет, Яншансин Саид жана Алтыбаева Назия өкүл болуп катышты. Мелдештин жыйынтыгында “Алтын түйүн” командасы күмүш медалдын ээси болду.

“АЛТЫН ТҮЙҮН” ТАРБИЯЛАНУУЧУЛАРЫ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАТ!

2020-жылынын 17-ноябрында БРИТА “Алтын түйүндүн” окуучулары Королёв С.П. атындагы аймак аралык долбоордун онлайн конференциясына катышты.

Кыргызстандын атынан БРИТА “Алтын түйүндөн” Алтыбаева Назия, Карполенко Данил жана Советканов Ринат катышкан. Конференция МАОУ «Лицей–инженерный центр» Татарстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  жетекчилиги астында, «Казанский научный центр Российской Академии наук» федералдык изилдөө борбору жана  Туполев А.Н. атындагы Казань улуттук изилдөө техникалык жогорку окуу жайы менен биргеликте өткөрүлгөн. Бардыгы болуп катышууга 117 долбоор берилген. Коргоонун натыйжасында Советканов Ринат (жетекчиси: Пичуревич И.А.) «Робототехника» бөлүмүнүн жеңүүчүсү болду, Алтыбаева Назия II орунду «Информационные технологии и программирование» бөлүмүнөн (жетекчиси: Буренко Л.А.), ал эми Карполенко Данил катышуучу сертификатын алды (бөлүмү: «Информационные технологии и программирование», жетекчиси: Комкова М.А.).

Прогрессивдүү, билимге жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө умтулган жаштар өлкөбүздүн келечеги! Биздин милдет – аларды өстүрүп, жардам берүү! Биз бардык тарбиялануучуларыбыз жана жетекчилик кылган педагогдорубуз  менен сыймыктанабыз жана алардын жаңы ийгиликтерди жана бийиктиктерди багынта беришине тилектешпиз!

Бапанова Ж.Б, БРИТА “Алтын түйүн” директору 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер