“АЛТЫН КАЗЫК” НОУТБУКТАРЫН КОМИССИЯ ТЕКШЕРДИ

  • 01.07.2025
  • 0

Кечээ, 30-июнда Агартуу министрлигинин алдында түзүлгөн атайын комиссия КМТУнун “Технопарк” ишканасы тарабынан чогултулуп жаткан ноутбуктардын техникалык шайкештиктерин, келишимдеги талаптарга жооп берер же бербестигин текшеришти. Бул тууралуу аталган ишкананын директору Касымбек Келебаев билдирди.

“АЛТЫН КАЗЫК” НОУТБУКТАРЫН КОМИССИЯ ТЕКШЕРДИ

Анын айтымында, комиссия тарабынан техникалык дал келүүгө байланыштуу терс пикирлер түшкөн жок. Эгерде комиссия кагаз түрүндө кабыл алуу чечимин чыгарса, он миң ноутбукту кайсыл жакка болбосун, бөлүп берүүгө даяр.

  • Агартуу министрлиги менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” ишканасынын ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде ноутбуктар чоң көлөмдө чыгарыла баштады. Бүгүнкү күнү 10миң ноутбук чогултулуп, тапшырууга даярдалды. Келишимдин негизинде  27031 ноутбук чогултуп беришибиз керек. Калган бөлүгү июль айынын ичинде чогултулат,  — деди “Технопарк” ишканасынын директору.

“АЛТЫН КАЗЫК” НОУТБУКТАРЫН КОМИССИЯ ТЕКШЕРДИ

Мындан сырткары Касымбек Келебаев Кытай Эл Республикасынан ноутбуктарды чогулууга бардык жабдуулар жана тетиктер келип түшкөнүн, учурда 21миң ноутбукка жетерлик тетиктер бар экендигин, дагы 6800 ноутбукка жетерлик эки контейнер жолдо келатканын кошумчалады.

 

 Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер