“АЛТЫН КАЗЫК” – КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ КӨРСӨТӨТ

  • 31.05.2023
  • 0

“Роза Отунбаевнын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Супара” этнокомплекси менен биргеликте 1-июнь — Бүткүл Дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата   “Алтын Казык” аттуу ата-энелер жана балдар үчүн интерактивдүү фестивалын өткөрдү.

“АЛТЫН КАЗЫК” – КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ КӨРСӨТӨТ

Иш-чарага “Эне балага тирек” коомдук фондунун жетекчиси Айгүл Жапарова, КР ЖК вице-спикери Ж.Исаева, КР саламаттык сактоо министри Г.Баатырова, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисинин жубайы М.Доган, Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун, Бириккен улуттар уюмунун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлдөрү катышып, ата-энелер үчүн мастер-класстарды өткөрүштү.

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова бардык балдарды майрамы менен куттуктады.

— Бул саамалыктын мааниси чоң. Анткени, бала мээримдүү, камкор үй-бүлөдө чоңойсо, өмүр бою бактылуу болуп, келечекте үй-бүлөсүнүн гана эмес, мамлекетинин сыймыгы, байлыгы болот. Үй-бүлөдөн башка эч ким балага келечекте таяна турган жашоодогу туура баалуулуктарды сиңире албайт. Жагымдуу чөйрө жана мээримдүү үй-бүлө баланын туура жана дени сак өнүгүүсүнүн ачкычы болуп саналат, — деп белгиледи ал.

Сөзүнүн соңунда Айгүл Жапарова да ата-энелерди балдарына туура адаттарды, туура тамактанууну үйрөтүүгө жана гаджеттерге көңүл бурбоого чакырды.

— Ата-энелер балдары менен көбүрөөк сүйлөшүп, алар менен бирге түрдүү кызыктуу оюндарды ойношу керек. Мен чоң эне, апа жана аял катары бардык балдарды ден соолукта жана бактылуулукта көргүм келет. Бардык аялдарды балдарына мээримдүү жана камкор болууга чакырам, — деди ал.

“АЛТЫН КАЗЫК” – КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ КӨРСӨТӨТ

“Алтын казык” фестивалынын максаты — ата-энелердин кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча маалымдулугун улуттук баалуулуктарды эске алуу менен, акыркы илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын колдонуу аркылуу жогорулатуу.  “Алтын казык” — асманда эч качан ордунан жылбаган, жолоочуга жол көрсөткөн жалгыз жылдыз.

“АЛТЫН КАЗЫК” – КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ КӨРСӨТӨТ

— Фестивалда улуттук оюндар, бешик ыры, чүкө, топ таш, улуттук пайдалуу тамак-аштар жана буюмдар аркылуу НАРИСТЕГЕ түбөлүк кызмат кыла турган өзөктүү көндүмдөрдү  калыптандыруунун жолдору көрсөтүлүп жатат. Алсак, бешик ыры наристенин сөз байлыгын өстүрүп, ата-эне менен мээримдүү байланышты бекемдесе, чүкө, топ таш акыл-эстин жана математиканын алгачкы элементтерин, майда моторика жана социалдык эрежелерди калыптандырат. Кийиз же жүн наристенин сенсордук сезимталдуулугун ойготот. Аталган ыкмалар чоң атанын, чоң эненин, ата-энесинин добушу жана катышуусу менен берилип, кийинки муунга аманат катары улантылат. Үй шартында наристелердин эң мыкты өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөт. Муундар байланышы уланат. “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду ар бир эне-атага кайрылып, баласынын өнүгүү муктаждыгын “сыйкырдуу” эсептелген кенже курагында камсыздап, камкордук менен мамиле кылууга чакырат, — дейт фонддун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева.

“АЛТЫН КАЗЫК” – КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ КӨРСӨТӨТ

Иш-чарада “Бешке чейин үлгүр” санарип тиркемеси тууралуу маалымат берилет. “Бешке чейин үлгүр”  тиркемеси кыргыз тилинде Австралиянын Миндеру Фонду, Сидней университетинин Мээ  жана Акыл эс борборунун окумуштуулары   жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ, жергиликтүү окумуштуулар менен биргеликте кыргыз тилинде иштелип чыгып, 2022-ж. ноябрь айында тартууланган.

— Тиркеменин мазмуну баланы кенже курактан баштап өнүктүрүү боюнча  кыргыз элинин нукура ата-мурасынан бери келе жаткан салттык ыкмалары менен топтолду. Учурда бул тиркемени 20000 жакын ата-энелер кыргыз тилинде пайдалануучулар катары катталды. Тиркеме наристенин сапаттуу өнүгүшү үчүн өтө маанилүү, наристенин иденттүүлүгүн өстүрүүгө өбөлгө болгон чөйрө “муундар билим тарбиясы” боюнча эң маанилүү илимий жана салттык ыкмаларга таянган пайдалуу кеңештерден турат, — дейт фонддун пресс-катчысы С.Адылбек кызы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер