УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛДЕГИ “АНГЛИС ТИЛИ”

  • 28.04.2025
  • 0

УЛУТТУК ЖАҢЫ  МОДЕЛДЕГИ  “АНГЛИС ТИЛИ”

Улуттук жаңы моделдеги англис тили окуу китептери чыга баштады.Биринчи окуу китептери 4-класстын окуучуларына тапшырылды.

УЛУТТУК ЖАҢЫ  МОДЕЛДЕГИ  “АНГЛИС ТИЛИ”Бишкек шаарындагы  профессор А. Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде “Алтын Казык” улуттук билим берүү реформасын ишке ашыруунун алкагында жаңы окуу китептерин тапшыруу иш-чарасына  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер мырза жана ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Тапа катышты.  Билим берүү жана илим министрлиги, Улуу Британиянын элчилиги жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте  4-класстын окуучулары үчүн жаңы англис тили китептерин тапшыруу салтанаты өттү.Бул иш-чара мектеп программаларын заманбап стандарттарга ылайык модернизациялоого жана жаңылоого багытталган “Алтын Казык” улуттук билим берүү реформасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

УЛУТТУК ЖАҢЫ  МОДЕЛДЕГИ  “АНГЛИС ТИЛИ”Кыргызстандагы мектеп окуучуларын англис тилин дүйнөлүк деңгээлде үйрөнүүсүнө жеткиликтүү колдоо көрсөтүп жатабыз. Билим берүү  тармагы Улуу Британияда ички жана эл аралык маанидеги эң бир артыкчылыктуу багыты болуп саналат.Чындыгында бул китептер сиздерге  англис тилин терең үйрөнүүгө база түзүп, өбөлгө болот деп ишенем, — деди Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер.

УЛУТТУК ЖАҢЫ  МОДЕЛДЕГИ  “АНГЛИС ТИЛИ”-Мен мындай салтанаттуу иш-чарага катышып, 4-класстын окуучуларына жана мугалимдерине англис тили китебин тапшырып жатканыма  абдан кубанычтамын. Себеби, сиздер Кыргызстанда мектептердин арасынан мындай китептерди биринчилерден болуп алып жатасыздар. Биз баарыбыз үчүн кызыктуу тарыхый учурдун күбөсү болуп жатабыз. Кыргызстан “Алтын Казык” улуттук билим берүү долбоорун ишке ашырып, билим берүү тармагында чоң реформа жасап жатканын билесиздер. Бул өзгөрүүлөрдүн жеткиликтүү болушуна окуу куралдары жана китептер  зарыл. Бул китептер ошол окуу куралдарынын бири болуп саналат. Китептер Кембридж системасында чыгарылган. Урматтуу окуучулар, сиздердин турмуш жолуна аттанууңарга чоң өбөлгө түзөт. Дүйнөдөгү чоң жетишкендиктерге жетүүдө англис тилин билүү абдан маанилүү. Мен Непаль өлкөсүндө чоңоюп, англис тили менин тагдырымда чоң роль ойногон. Окуучу кезимде эле англис тилине абдан кызыгып, өздөштүрө баштагам. Менин жашоодо англис тили чоң максаттарга жетүүмө негиз болуп берди. Мен дагы сиздер да англис тилин терең үйрөнүүгө бул китеп кызыктырат деп ишенем. Себеби бул китепте көп кызыктуу оюндарды, керектүү материалдарды да камтыйт. Англис тили дүйнө жүзүндө глобалдык тил болуп саналат, -деди ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Тапа.

УЛУТТУК ЖАҢЫ  МОДЕЛДЕГИ  “АНГЛИС ТИЛИ”-Алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыккан жаңы муундагы окуу китептери Кыргызстандын бардык  мектептерине таратылат,-деп айтуу менен министр Догдуркүл Кендирбаева буларга кеңири токтолду.

-“Алтын Казык” билим берүүнүн улуттук жаңы моделинин алкагында эң алгачкы китептерибиз чыга баштады. Бул биринчи жолу Кыргызстандын мамлекеттик менчик китеби болот. Дүйнөлүк деңгээлдеги англис тили китеби адаптациядан өтүп, бүгүнкү күндө 3-класстан 9-класска чейин ар бир кыргызстандык окуучу мындай китептерди алат. Бул окуу китеби мугалимдер үчүн колдонмо, балдар үчүн колдонмо, ошондой эле аудио коштоосу менен бар. Балдар үчүн абдан кызыктуу жана жеткиликтүү. Көтөрүп жүрүүгө да абдан жеңил, өтө ыңгайлуу. Быйыл  3-класстан 9-класска чейин китептер чыгарылып бүтөт. Улуу Британиянын өкмөтү дагы алгачкы колдоосун көрсөткөн.

УЛУТТУК ЖАҢЫ  МОДЕЛДЕГИ  “АНГЛИС ТИЛИ”Калганынын баары мамлекеттик бюджеттин эсебинен чыгат. Эң башкысы дүйнөлүк алдыңкы системаны пайдалануу менен улуттук менчик китеп болуп эсептелет. Мындан ары кыргызстандык мектеп окуучулары эч кимге көз каранды болбой, “жеке менчик мектептерде китептери жакшы экен, бизде начар экен , аларга ата-энелери сатып берет, бизге колдон келген начар китептерди берип коет” деген сөздөр айтылбайт. Ошентип, Кыргызстанда биринчи жолу жаңы муундагы китептер чыга баштады. Мындай китептердин мазмуну дүйнөлүк педагогдор, ошондой эле Кыргызстандагы жүздөгөн педагогдор тарабынан адаптациядан, апробациядан өтүп, биздин маданиятыбызга, ички мамлекеттик баалуулуктарга каршы келбестигин аныктап, атайын эксперттер карап чыгып, коллегияда бекиткен.

УЛУТТУК ЖАҢЫ  МОДЕЛДЕГИ  “АНГЛИС ТИЛИ”Ошол эле учурда бул китептер башкалардан айырмаланып, балдар айрыкча англис тили дүйнөнүн 153 өлкөсүндө кандай болсо дал ошондой мазмундагы китепти  бекер пайдаланышы эң чоң ийгилик болуп жана натыйжалуу болот. 4-класстар үчүн 158 миң 700 китеби ушунча нускадагы жумушчу дептерлери менен өлкөбүздүн бардык аймагы үчүн кетет. Ар бир мектептеги окуучунун саны боюнча мектептерде бекер берилет. 25 сомдон арендага символикалуу берилет. Ар кандай социалдык шартта жашаган бардык балдар арендадан бошотулат. Мындай мамлекеттин каржылоосу менен жарык көргөн китептер базарларда, дүкөндөрдө сатылбайт. Эгерде башка жерлерде, базарларда мындай китептер сатылганын көрсөңүздөр алар алдамчылар, жалганчылар. Анткени биз андай китептердин сапатына жооп бере албайбыз. Бул китептердин лицензиялык укуктарын биз түбөлүккө алдык. Кембридж системасындагы эң мыкты китептердин үлгүлөрүн алып, өзүбүздүн улуттук муундагы китептерди жаратып жатабыз. Жүздөгөн мыкты мугалимдер, окумуштууларыбыз көз майын коротушуп, айлап, ар бир тамгасын, маанисин, мазмунун карап апробациядан өткөрдү.  Кыргызстанда алгач ирет окуу китеп саясатын, ишмердигин жүргүзүү үчүн  “Окуу китеби мекемеси” 30 жылдан кийин түзүлүп, биринчи чыгарган китеби болуп саналат. Буга чейин окуу китептерин жеке менчик компаниялардан кымбат баада чыгарып келген болсок, мындан ары толугу менен мамлекеттин каржылоосунда чыгып, китеп менен камсыз кылуу жоопкерчилиги дагы жогорулайт.

УЛУТТУК ЖАҢЫ  МОДЕЛДЕГИ  “АНГЛИС ТИЛИ” Бул китептин өзгөчөлүгү төрт жандоочу колдонмо китептери болот.  Бул окуу китеби мугалимдер үчүн колдонмо, балдар үчүн колдонмо, ошондой эле аудио коштоосу менен бар. Ошондой эле санарип түрүндө да берилет. Май айынын экинчи жарымында мугалимдерге үч айлык сыноолордон өткөн  “Алтын Казык” ноутбуктарга  англис тили сабагынын мугалимдерине да ушул китептер жүктөлүп, санарип форматында дагы пайдаланууга шарт түзөбүз. Улуу Британия 300 миң доллардын тегерегинде колдоо көрсөтүшүп, алгачкы саамалыкты колдоого алып,  англис тили китебин баштап беришти. Калганы толугу менен Кыргызстандын мамлекеттик каржылоосу менен чыгат. Быйыл окуу китептерин чыгаруу үчүн мамлекетибиз 744 миллион сом каражат бөлүп, 2,5 миллион китеп чыкканы жатат. Дагы кошумча каражаттар дагы каралып жатат.  Буга чейин өтө аз каражат бөлүнүп келген. Мурдакы жылы окуу китептерин чыгарууга 152 млн сом болсо, былтыр 242 млн сом бөлүнгөн. 12 жылдык улуттук билим берүү моделине өтүү дал ушул окуу китептерден башталат. Дүйнөлүк  алдыңкы тажрыйба менен ата мекендик жаңы муундагы табигый  так илимдер боюнча 36  китеп, бардыгы жанындагы жандооч колдонмо окуу методикалык колдонмолор менен 88 наамдагы китеп чыгат,-деди министр.

-Бул китеп абдан кызыктуу жана англис тилин үйрөнүүгө жеңил экен. Мурдакы китептерге караганда текстке ылайыктуу сүрөттөрү да көп экен. Ал түгүл оюндар дагы кызыктуу баяндалыптыр. Мен англис тилин билүүгө абдан кызыгам, -дейт 4-класстын окуучусу Жоомарт Талгарбеков.

УЛУТТУК ЖАҢЫ  МОДЕЛДЕГИ  “АНГЛИС ТИЛИ”-Мындай сонун китепти чыгарууга колдоо көрсөткөн Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигине жана ЮНИСЕФтин жетекчилерине жалпы окуучулардын атынан ыраазычылык билдирем. Келечегин ойлогон балдар сөзсүз англис тилин билүүсү керек. Себеби жашоо үчүн, максаттарга жетүү үчүн зарыл болот, -деди  4-класстын окуучусу Нурай Канатова

Совет доорунда Кыргызстандын борбору болгон Бишкекте алгач ирет окуу кыргыз тилинде жүргүзүлүп, өлкөбүздүн сыймыгы болгон бүтүрүүчүлөрдү билим уясынан учурган мурдакы №5 орто мектепте, азыркы профессор А. Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде “Алтын Казык” улуттук билим берүү реформасын ишке ашыруунун алкагында жаңы окуу китебинин тушоосу кесилип жатканы дагы жакшы саамалык, мыкты башталыш.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер