“Алтын казык” – билим берүүнүн модернизациялык багыттары

  • 14.03.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган жыйында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын Казык” жаңы мамлекеттик программасынын долбоорунун бет ачарын жасады.

«Алтын Казык» программасында бала бакча менен камсыз болууну 2024-жылы 40% жеткирүү, мектеп окуучуларына дүйнөлүк стандартка ылайык окуу китептерин жеткирүү, дүйнөлүк алдыңкы билим берүү тажрыйбаларын, технологияларын жайылтуу маселелери каралган.

«46 окуу китеби (физика, математика, химия, биология, англис тил) 3 жылда адаптацияланып бүтөт, ошондо гана дүйнөлүк билим берүү катарына теңдешебиз”, – деди Догдуркүл Кендирбаева.

Ошондой эле жаңы 12 жылдык окуу программасына өтүү башкы багыттардын бири болуп саналат. Бул 150 өлкөнүн билим берүү жана эмгек рыногуна жол ачат.

Окутуунун узактыгын 12 жылдык моделге этап-этабы менен которуу боюнча ченемдик укуктук актылар иштелип чыгып, президент администрациясына киргизилди.

Министр Улуу Британия, Малайзия, Сингапур, Казакстан жана Россиянын тажрыйбасын изилдеп чыгып, Кэмбридждин окуу стандарттарын жана баалоо системасын, Сингапурдун педагогикалык тажрыйбаларын киргизүү алгылыктуу жол экенин билдирди.

Мамлекет башчысы өз кезегинде жаңы программа буга чейинки баркы менен мааниси кеткен кезектеги “реформага” айланбай, алдыдагы ондогон жылдарга өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бекем негизин түзүшү керектигин өзгөчө белгиледи. Ал ошондой эле бүгүнкү күндө мектепте мектеп окуучуларынын тагдыры гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин келечеги аныкталарын билдирди.

“Мектептердеги билим берүү маселесине кайдыгерлик кылууга акыбыз жок. Биз азыр мекен келечеги, маанилүү улуттук маселелер дал ушул мектепте чечилип жатканын так кесе айтышыбыз керек жана даана, так аңдап-билишибиз абзел”, — деди Садыр Жапаров.

Президент Билим берүү жана илим министрлигине окутуунун мазмунун модернизациялоо кылуу, мектептерди санариптештирүү процессин тездетүү, мектептерде чөнтөк телефондорду колдонуунун эл аралык практикасына көңүл буруу жана кесиптик окуу жайларды өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ал эми Министрлер кабинетине эки жылдык мөөнөттө дүйнөлүк алдыңкы стандарттарга жооп берген заманбап окуу китептери менен мектеп окуучуларын камсыз кылуу маселесин толук чечүүнү тапшырды.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер