АЛТЫН КҮЗ ЖАНА АКЫНДАР

  • 01.12.2023
  • 0

Аяктап бараткан алтын күздө Кара-Көл шаарындагы №1 Токтогул атындагы орто  мектептин ыр жазууга талапкер жаштары «Мурас» адабий чыгармачылык бирикмесинин  мүчөлөрү менен бирдикте жогорудагыдай аталыштагы поэзия кечесин өткөрүштү.

АЛТЫН КҮЗ ЖАНА АКЫНДАР

Кечеде алды 2-3төн китептери жарык көргөн талант ээлери өздөрүнүн күз темасындагы ырларынан окушуп, окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп беришип, ыр жазуунун техникасы боюнча баалуу кеңештерин беришти. Жаңыдан ыр жазууга далалаттанып жүрүшкөн жаштар да жаңы ырларын акындардын сынына коюп, каалоо-тилектерин угушту. Кечеде концерттик номерлер тартууланып, талант ээлерине  белектер берилди. Кечени мектептин кыргыз тилчи мугалими Ташбаева Мунара уюштурду.

Байыш МҮСҮРАЛИЕВ, Кара-Көл шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер