АЛТЫН БАЛАЛЫКТЫН ФИЛОСОФИЯСЫ

  • 29.03.2024
  • 0

АЛТЫН БАЛАЛЫКТЫН ФИЛОСОФИЯСЫ

«Жел жетпеген Жеңижок, айтышаарга теңи жок» — деп эл тарабынан бийик урматка  ээ болгон Өтө Көкө уулу 19-кылымдын экинчи жарымы, 20-кылымдын башында өмүр сүргөн, кыргыз төкмө өнөрүнүн белгилүү «алп» өкүлдөрүнүн бири. Эмне себептен «алп» деп бөлүп белгилеп жатабыз. Анткени «алп» акындарга дүйнөнү, турмушту, жашоо тиричиликти, айлана кубулуштарды терең аңдап, өзүнүн философиялык ой толгоолорун айткан акындар кирет.

Мындай сыпаттама  Калыгул, Токтогул, Барпы сыяктуу акындарга да мүнөздүү. Мына ушул даанышман акындардын катарын Жеңижок акын  да толуктайт. Себеби анын «Айт, айт десе», «Дүнүйө», «Аккан суу»,  «Замана»,  «Балалык» сыяктуу чыгармалары, мазмунуна терең даанышман ойлорду, табигат сырларын, адам өмүрүнүн маңызын батырган, камтыган философиялык маанидеги чыгармалар болуп саналат. Ал эми биз өзүнчө бөлүп  сөз кылчу Жеңижоктун «Балалык» аттуу көлөмдүү ыры философиялык жактан терең жана масштабдуу чыгарма.  Бул чыгарманын окурманды таң калтыруучу укмуш бир даанышман ойлору, адам өмүрүнүн бир жаштагы курагынан баштап жүзгө чейинки бүтүн өмүр жолун психологиялык планда, ар бир курактык өзгөчөлүгү менен мүнөздөп ачып бергендигинде жатат. Маселен:

Бир жашында билбеген,

Эки жашар болгондо.

Энесине эркелеп,

Ыйлап турган балалык.

Элде жокту тапкын деп,

Кыйнап жүргөн балалык. Ушул сыяктуу ыр саптары аркылуу инсандын өсүү динамикасын ирети менен диалектикалык психологизмдин негизинде мүнөздөйт.  Эмне себептен диалектикалык психологизм?  Анткени жогорудагы ыр бөлүктөрүндө адам өмүрүнүн өсүү процесси, ички субьективдүү дүйнө менен сырткы  объективдүү дүйнөнүн              карама-каршылыктуулугунун өз ара ажырагыс биримдиги философиялык деңгээлде чечмеленет. Бул жерде, бала субъект катары  «Элде жокту тапкын деп” энеси объектке кайрылып жатат. Мындай диалектикалык сүрөттөөлөр арбын учурайт. Айталы:

Үчкө жашы толгондо,

Үй-бүлөдө тили бал.

Үйдүн ичин чаңытып,

Үч көтөрчү жини бар.

Төрткө жашы барганда,

Таңга маал торгойдой,

Сайрап турган балалык…

Бешке жашы барганда,

Агын сууну бойлошот,

Кой дегенге болбостон,

Балчык кечип ойношот, — деп, баланын психологиялык жактан курактык өсүү процессиндеги карама-каршылыктуу көрүнүштөрдү баяндайт. Бул жерде «Үйдүн ичин чаңытып, Үч көтөргөн жини бар», «Кой дегенге болбостон, балчык кечип ойношот»,-деген ыр саптары диалектикалык психологизмди же болбосо адам психологиясынын өнүгүүсүндөгү карама-каршылыктын өз ара биримдигин көрсөткөн мыйзам ченемдүүлүгүн билдирип турат. Деги эле диалектикалык психологизм Жеңижоктун «Балалыгында» моралдык-нравалык аспектиде да чагылдырылат:

 Жеңе менен эжеден,

 Уялбаган балалык.

Оюн кызык көрүнүп,

Зарыгып жумшап жатсаң да,

Тил албаган балалык.

Ак сакалдуу кишини,

Сиз дебеген балалык, — деп, алты жашар убактагысын баяндап, ал учурда бейаңдык абал басымдуу болорун көрсөтөт. Бул  жашта   моралдык түшүнүктөр  кирди-чыкты абалда экендигин туюндурат. Ошентип, уламдан-улам илгерилеп олтуруп, улгайган мезгилге чейинки өсүүсүн, калыптануусун, андан кийинки абалын диалектикалык психологизмдин чегинде философиялык деңгээлде чечмелейт. Ооба, Жеңижок атабыз атайын билими бар психолог же философ болгон эмес (ал мезгилде буга шарт да жок болчу, бирок турмуштук тажрыйбасы мол, дүнүйөбий аңдоосу зор инсан катары жана да илимий негизге ылайыктуу түшүндүрмөлөрдү берген даанышман акын катары психоаналитикалык ой жүгүрткөндүгү көрүнүп турат. Деги эле философия деген эмне? Бул бир жөнөкөй тил менен айтканда, баш-аягы жок болумуш, болумуштун чексиздиги жөнүндө ой жүгүртүү, аңдап көрүү процесси  жана  да аң-сезимдүү жан  катары «Адам деген ким?» -деген  суроого жооп издөө  аракети. «Балалыктагы» мына ушундай аракет Жеңижокту «философ» катары таанытат. Ал жүз жашка чыккан учурду сүрөттөөдөн көрүнөт:

Арыбасаң жүзгө чыгаарсың,

Асыл жан менен коштошуп.

А дүйнө көздөй жылаарсың.

Карып кетет кайран жан,

Караанын деги көрсөтпөй,

Каякка кетет зирек жан?

Эскирип кетет эсил жан,

Элесин деги көрсөтпөй,

Эмине болот зирек жан?

…Ааламдын жайы белгисиз,

Акылың деги жеткисиз” — деп, акын даанышман ой толгоосу менен философиянын алмуздактан берки талашка түшкөн эки маселесине – материализм менен идеализимге ишаарат жасагандай болот. Биз сөзүбүздүн башында Жеңижокту «алп» акын деп белгилегенбиз, анын адам өзүн-өзү таанып билсе деген ой тилегинен улам чыныгы «алп-даанышман» акын экендигин моюндайбыз. Ал минтип айтат:

Өмүр өтүп кеткенде,

Өлүм кууп жеткенде,

Өпкөлөп кимге барасың?

…Азбы, көппү көрөөр күн,

Ар кимиңе бөлүнгөн.

Саламат болсоң көрөөрсүң,

Сактасын Кудай өлүмдөн.

Деги эле Жеңижоктун «Балалыгына» үңүлүп кирсең субъективдүү реалдуу  чындыктын объективдүү бети «калкып» көрүнүп  турат. Мында, таң калтырганы адам өмүрүндөгү  акыл-эсинин  калыптануу  процесси,  жашына карата таамай сүрөттөлгөндүгү. Маселен:

Он бешке  жашы барганда,

Оюнга тойбойт көңүлү.

Он алтыга барганда,

Оюн  салган кунандай,

Окторулган жыландай,

Ордунда турбас балалык.

Он жетиге барганда,

Ой-тоону кезип ышкырат,

Ойлонуп бир аз иш  кылат.

Он сегизге барганда,

Ооматы келген кези экен.                  

Он тогузга  өткөндө,

Омоктуу  жаштын өзү экен,-

деп, жан дүйнөнүн психикалык өсүү динамикасын реалдуу чындыгынан ашырбайт  да, кемитпейт. Ошентип, бир  жаштан өлүмгө чейинки психологиялык  абалдын сүрөттөлүшү, анын табигыйлуулугунан улам, ар бир окуурманга ынаным жаратып турат. Ал эми философиялык өңүттөн алып караганда субъективдүү реалдуу чындыктын обьективдүүлүгүн көрсөтөт.

Жыйынтыктап айтканда, биздин Жеңижоктун «Балалыгындагы» философиялык ойлорду карап чыгуубуз, баамдообуз бул болгону дарактын бир гана жалбырагын карап чыккандай көрүнүш, ал дарактын бутактары, өзөгү, тамыры бар. Ал эми Жеңижоктун «Балалык» аттуу чыгармасын кеңири, тереңдетип өзөк-тамырына чейин иликтөө, зор философиялык, психологиялык илимди жана да адабий таануучулук даярдыкты талап кылгыдай.

АЛТЫН БАЛАЛЫКТЫН ФИЛОСОФИЯСЫМуратбек кызы  Гүлбурак, К. Карасаев атындагы  БМУнун магистранты

Бөлүшүү

Комментарийлер