«АЛТЫН БАЛАЛЫКТАГЫ» БАЛДАРГА БИРИНЧИ АЙЫМДАН БЕЛЕК

  • 13.07.2026
  • 0

Ысык-Көлдөгү «Алтын балалык» балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде эс алып жаткан балдарга Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын атынан атайын белектер тапшырылды.

Бул кайрымдуулук акциясы биринчи айымдын демилгеси менен салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлүп келет. Иш-чаранын башкы максаты — өлкөнүн келечеги болгон жаш муунга өзгөчө көңүл буруп, аларга камкордук көрсөтүү жана жайкы эс алуу учурунда майрамдык маанай тартуулоо болуп саналат.«АЛТЫН БАЛАЛЫКТАГЫ» БАЛДАРГА БИРИНЧИ АЙЫМДАН БЕЛЕКМаалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы «Алтын балалык» комплексинде өлкөнүн бардык аймактарынан келген 8 миңге жакын бала эс алат. Уюштуруучулар борбордо балдардын толук кандуу эс алуусу, ден соолугун чыңдоосу жана жайкы убактысын кызыктуу өткөрүүсү үчүн бардык зарыл болгон заманбап шарттар түзүлгөндүгүн белгилешет.

А.К., «КБ»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер