АЛЬТЕРНАТИВДИК ОЛИМПИАДАГА КАТЫШУУЧУЛАРГА МААЛЫМАТ

  • 20.11.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги жыл сайын өтүүчү республикалык олимпиадага гана эмес, математика, физика, биология, химия жана информатика боюнча эл аралык сынактарга катышуу үчүн альтернативдик олимпиадага катышууну сунуштайт.

Альтернативдик олимпиаданын тапшырмалары эл аралык олимпиаданын талаптарына ылайык даярдалган жана тандоо туру окуу жыл ичинде онлайн, оффлайн режиминде өтөт.

Катышуу үчүн төмөндөгү шилтемелер аркылуу катталса болот:

Математика — http://unite.kg. Техникалык суроолор боюнча – 0990 011 555;

Информатика — http://www.olymp.krsu.edu.kg/QaulifyIOI.aspx.  Техникалык суроолор боюнча — 0772 016 647;

Физика – www.exam.kg. Техникалык суроолор боюнча – 0777 117 751, 0505 559 919,

Биология – www.exam.kghttp://quiz.bibliotheca.kg. Техникалык суроолор боюнча — 0777 117 751;

Химия — www.exam.kghttp://quiz.bibliotheca.kg. Техникалык суроолор боюнча — 0505 559 919.

Мындан сырткары министрликтин түз байланыш номуру аркылуу маалымат алсаңыз болот. Тел: 0 (312) 66 23 70

 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер