АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВДИН БИРИККЕН АРАБ ЭМИРАТТАРЫНДАГЫ ИШ САПАРЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 18.02.2021
  • 0

13-февралда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) барды.

Министр Абу-Даби шаарында Бириккен Араб Эмираттарынын билим берүү министри Хуссейн бин Ибрагим аль Хаммади менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда тараптар билим берүү жана илим тармактарындагы бир катар кызматташуу багыттарын талкуулашты. Сүйлөшүүнүн жыйынтыктарын ишке ашыруу максатында эки министрликтин жумушчу топтору биргелешкен иш алып барышат.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВДИН БИРИККЕН АРАБ ЭМИРАТТАРЫНДАГЫ ИШ САПАРЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

БАЭдеги иш сапарынын алкагында 15-февралда Алмазбек Бейшеналиев Мохаммед бин Заед Аль Нахаян атындагы дүйнөдөгү алгачкы Жасалма интеллект университетине барды. Университет магистратура жана докторантура боюнча программаларды сунуштап, студенттерге жасалма интеллект тармагындагы акыркы маалыматтар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Иш сапарын улай, министр Алмазбек Бейшеналиев Аль Мактум атындагы кайрымдуулук фондунун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Мирза Аль Саег менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында Аль Мактум атындагы фонд тарабынан Кыргыз Республикасында билим берүү комплексинин курулушу макулдашылды. Жакынкы убакта, даталар такталгандан кийин, билим берүү комплексинин курулушуна даярдыктарды баштоо үчүн Фонддун делегациясынын Кыргызстанга келиши күтүлөт.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВДИН БИРИККЕН АРАБ ЭМИРАТТАРЫНДАГЫ ИШ САПАРЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Мындан сырткары, иш сапарынын алкагында Бейшеналиев БАЭнин Премьер-министринин кеңсесинин генералдык директору Абдулла Нассер Лутах мырза, ошондой эле министрлер кабинети жана БАЭнин келечегинин иштери боюнча министрликтин генералдык директору Ясер Аль Нагби мырза менен жолугушту.

Таанышуу маектешүүсү катарында өткөн жолугушууда министр А. Бейшеналиев БАЭнин жогорку технологияларды колдонуу, инновацияларды жана жасалма интеллектти колдонуу тармагындагы көз карашы жана саясаты менен жакындан таанышты.

Алмазбек Бейшеналиев онлайн форматта мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн алдыңкы сервис борборлорунда, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн Виртуалдык министрлигинин кеңсесинде болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптарды кызыктырган кызматташтык багыттарын аныктоо жана жооптуу адамдарды дайындоо менен алар боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү макулдашылды.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер