АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖАШООБУЗ ЭМИ ЭЧ КАЧАН МУРДАГЫДАЙ БОЛБОЙТ”

  • 12.04.2021
  • 0

12-апрелде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2021-2023-жылдарга карата программасын жарыялап, бет ачарын кылды. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги жана министрлик менен тыгыз кызматташып келаткан өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык миссиялардын, ошондой эле бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышышты. 

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖАШООБУЗ ЭМИ ЭЧ КАЧАН МУРДАГЫДАЙ БОЛБОЙТ”

А. Бейшеналиев конокторду программанын өзөгү менен тааныштырып, министрликтин алдында олуттуу чакырыктар турганын жар салды.

“Биздин жашообуз эми эч качан мурдагыдай болбойт. Ошондуктан биз бир нече өсүү чекитине карай кадам жасоого аракет кылып көрүү үчүн жакынкы үч жылга карата практикалык аракеттерибиз концентрацияланган программаны иштеп чыктык”, – деди министр.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖАШООБУЗ ЭМИ ЭЧ КАЧАН МУРДАГЫДАЙ БОЛБОЙТ”

Министрдин белгилешинче, бул программа билим берүү жана илим системасын өнүктүрүүгө жана аларды жаңы сапаттык абалга өткөрүүгө; мугалимдин статусун жогорулатууга; билим берүү көйгөйлөрүнө коомчулукту тартууга өбөлгө түзүүчү шарттарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча министрдин ишмердүүлүгүнүн максаттарын жана негизги багыттарын аныктоочу стратегиялык документ болуп саналат.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “ЖАШООБУЗ ЭМИ ЭЧ КАЧАН МУРДАГЫДАЙ БОЛБОЙТ”

Программанын негизги максаттары:

— ар бир билим алуучунун социалдык ийгиликке жетишүүсү үчүн инсанды креативдүү өнүктүрүүгө багытталган инновациялык билим берүү чөйрөсүн түзүү;

— педагогикалык кызматкерлерди кесиптик жана инсандык жактан өстүрүү системасын оптималдаштыруу;

— билим берүүнүн сапатын жана билим алууга болгон шыкты арттыруу;

— Кыргыз Республикасынын жаранынын руханий-адеп-ахлактык, социалдык жактан адаптацияланган жана кесипке багыт алган инсандыгын калыптандыруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү.

А. Бейшеналиевдин айтымында, бул демилгелерди ишке ашыруу билим берүү, илим, инновациялар системасын жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин 2021-2023-жылдарга карата  программасын кыргыз, орус жана англис тилдеринде төмөндөгү шилтемеден таба аласыз⬇️

Министрдин2021-2023-жылдарга карата программасы кыргыз, орус жана англис тилдеринде

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер